Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Орусияда согушка каршы митингдерде 600дөн ашуун киши кармалды


Москвада согушка каршы акцияга чыгып кармалган жаран. 13-март, 2022-жыл.
Москвада согушка каршы акцияга чыгып кармалган жаран. 13-март, 2022-жыл.

13-мартта Орусиянын бир нече шаарларында Украинадагы согушка каршы митингдер өтүп жатат. Маалыматка ылайык саат 17:00гө карата 35 шаарда 620 киши кармалган.

Орусиянын борбору Москвада 280 киши, Санкт-Петербургда 136 киши, Екатеринбургда 64 киши кармалганы белгилүү.

Орусиянын ички иштер министрлиги кармалгандардын саны боюнча расмий маалымат бере элек.

Москванын Манеж аянтын полициянын жана гвардиянын кызматкерлери курчоого алган. Алар темир тосмолордун ичинде жүргөндөрдүн документтерин текшерип жатат.

Полиция кызматкерлери журналисттерге кармалгандар отурган автобустарга 20 метрден жакын жолоого болбой турганын эскертишүүдө.

Ушундай эле кармоолор Санкт-Петербург шаарында да болуп жатат.

Украинада согуш башталгандан бери Орусияда жалпысынан 14 миңге жакын адам кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG