Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

CPJ кыргыз бийлигин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды


Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиев. 29-май, 2022-жыл.
Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиев. 29-май, 2022-жыл.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин ойдон чыгарылган айыптоолор менен журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. Комитет 22-сентябрдагы билдирүүсүндө Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге чыгарылган соттун өкүмүн айыптаган. Бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганы, азырынча жооп ала электиги белгиленген.

"Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге чыгарылган адилетсиз өкүмдү кескин айыптайбыз. Белгилүү коомдук ишмерлердин көңүл бура турган билдирүүлөрүн кайра басып чыгаруу маалымат агенттигинин ишинин бир бөлүгү жана Дүйшөмбиевге карата акылга сыйбаган айыптоо бийликтин телеканалдын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканын ачык көрсөтүп турат”, - дейт CPJ директору Карлос Мартинес де ла Серна. Ал "Кыргыз бийлиги Дүйшөмбиевге карата айыптоо корутундусун токтоосуз жокко чыгарып, пробациялык көзөмөл жүргүзүү талабын алып салышы керек жана журналисттерди ойдон чыгарылган айыптоолор менен куугунтуктоону токтотушу керек" деп айткан.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарган. Өкүм 21-сентябрдагы отурумда угузулуп, ал сот залынан бошотулган.

Адвокаттар өкүмгө макул эместигин билдирип, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөө телеканал "Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин айткан.

Дүйшөмбиев өзү "улут аралык кастыкты козутуу болбогонун, айыптоочу коюп жаткан айыбын сотто далилдей албаганын" "Азаттыкка" айтып берген. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалып келди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG