Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:46

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 33 жыл толду


Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 33 жыл толду. 23-сентябрь 1989-жылдан бери өлкөдө Кыргыз тили майрамы катары белгиленет.

Быйыл социалдык желедеги ири аянтчалардын бири - Фейсбукка кыргыз тили кошулуп, жөндөөлөр жана маалыматтар кыргызча да жазыла баштады. 2015-жылы кыргыз тили Google котормо платформасына кошулган.

2020-жылдын 1-октябрында Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы бекитилген. Аны ишке ашыруучу каражат 237 550 000 сомду түзөт. Анын ичинде 2022-жылга - 86 575 000 сом, 2023-жылга - 71 425 000 сом, 2024-жылга - 41 025 000 сом, 2025-жылга - 38 525 000 сом каралганы Юстиция министрлигинин сайтына жазылган.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көйгөйлөр бар экенин бийлик башындагылар да четке кагышпайт, бул маселе парламентте да утур-утуру көтөрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG