Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Так иштеп, таза сүйлөгөн Ташбоо ага...


Ташбоо Жумагулов.

Айыкпас дарттын аргасын издеп кыйладан бери Москвада дарыланып жаткан белгилүү коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов 70 жашында дүйнөдөн кайтты.

Таласта калган балалык

6-апрелге караган түнү бир жылдан бери айыкпас оору менен алпурушуп келаткан Ташбоо Рахманберди уулу акка моюн сунганын угуп кейип отурам. Беш жыл чогуу окуган, учурашкан жерде чер жазыша сүйлөшүп, жадырап-жайнап дүйнөсү түгөл жүргөн асыл адамды алышкан оору акыры алып тынган экен. Былтыр курсташтар касиеттүү Көл боюнда жолуккан кезде өңү азып, негедир өмүр-өлүм жайында кеп салып, тирүүлүктө кыйышпас адамдар бирин-бири сыйлап, көңүлүн көтөрүп, ар бир аткан таңды канааттануу менен тосушу керек экенин айтып отурду эле. Курсташтардын жолугушуусу 60ты этектеп калган кезде күчөп, жыл кур эмес кездешүүлөр кезеги менен Кыргызстандын булуң-бурчуна көчө баштаган.

Ташбоо ага беш жыл жарты нанды бөлө жешкен кыйышпас жакын адамдарын касиеттүү Таласка чакырып, айылына алып барган. Ал жерге тушташ Чымкен айылына токтоп, кан майданга жаштыгын берип, тууган жерине кайтпай калган Чолпонбай баатырдын музейине алып барган. Кадимки Шекер айылындагы таякелерине жолугуп, доорубуздун даркан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин, улуту немис болгону менен өзү кыргыз болуп калган Теодор Герцендин музейин көрсөткөн. Өрөөнгө баш бакканда касиеттүү Кароол-Дөбөгө чыккан элек.

Ошолордун баары ушу азыр кайрадан эске түшүп турат. Биралдын кызык, минтип карылык баш баккан чакта кудум студент кездегидей чогулуп, сөзүбүз бүтпөй, өткөндү эскерип, чер жазгандар бүгүн жашы улуу болгону менен жаны бирге болуп калган асыл адамыбыздын бул дүйнөдөн кеткенине ишенип-ишенбей отурабыз. Ортодон жарым кылымга жакын убакыт өтүптүр. Ташбоо ага менен жаңыдан таанышып, билим алуу абыгерчилигин чогуу тартып, тытынып окуган кездер тээ алыста калыптыр. Ошол 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз бөлүмүнө 125 студент кабыл алынганбыз. Көбүбүз мектепти жаңы бүтүп окууга өтүп, кыйлабыз аскердик милдетибизди өтөп, бир тобу иштеп келген, республиканын ар кыл бурчунан, ал түгүл кошуна республикалардан келген филологдор чогулганбыз.

Окууга өтүп, эңсеген студенттикке жеткенибизди угуп, эртеси баш калаага жуук Орто-Алыш, азыркы Байтик айылына жумушка барганбыз. Жаштык, анын үстүнө көркөм чыгармачылыкка кызыккан ышкыбоз жаштар көп, ыр жазчу, кара сөздү жактырган, ал тургай «эки-үч обонум бар» деп бир бала чыгып, аны тамашакөй курсташтарыбыздын бирөө «Шопен» деп атап алганы эсимде. Ташбоо Рахманберди уулу окууга даярдоо курсунан өтүп, студенттик жатакананы ондоп-түзөөгө калтырылган экен. Орто-Алышта Ташбоо аганын өмүрлүк жары, таланттуу акын, драматург Жеңишгүл Өзүбекованын ырын угуп, тамашасына кандык.

Ташбоо ага менен кийин окуу башталганда тааныштык. Бизге салабаттуу кишидей көрүнгөн, азыр эстесем 23 жаштагы курагы экен. Киши менен тез таанышып, куюлуштура сүйлөгөн ачык-айрым жан эле. Ошол беш жыл ичинде көп эле жыйындарда, ыр-бийлерде, отуруштарда, окууда, иште чогуу болдук. Алардын биринде да ал кишинин бирөөгө сын такканын, үн көтөрө сүйлөгөнүн байкабадым. Маңдайындагы адамын сыйлаган адептүү, тамашага жакын, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган алпейим жан эле. Студент кезинен эле Ташбоо аганын уюштургучтугун, тапшырылган ишти тыкан аткара турганын, анан да маданий иштерге жакын экенин баамдагам. Мындай сапат анын атасынан өткөнүн, ал киши айылындагы белгилүү, таасирдүү адамдардан болгонун кийин Ташбоо аганын өз оозунан уккам.

Анын киндик каны тамган касиеттүү Талас жергесинде тарыхый-маданий жайлар аябай эле көп. Кең өрөөндү алаканга салгандай көрсөтүп турган Манас атанын Кароол чокусу, айкөлдүн атындагы тоо, ошол жерлерден куралып, күрпүлдөп агып келген Талас суусу, көргөндүн көз жоосун алган Беш-Таш тоосу көкүрөгү көркөм сөзгө жакын Ташбоо аганы каргадай бала кезинен мекенчил, улутчул кылып койсо керек. Биз менен чогуу окуп калганга чейин аскердик милдетин өтөп, өз алдынча иштеп, алдына үлкөн максат коюп, ага жетүүнүн аракетине киришип калган чагы экен. Экинчи курска көчкөндө Ташбоо ага студенттик курулуш отрядын түзүп, бизди Түптүн Маяк айылындагы кесиптик окуу жайынын курулушуна алып кетти. Ал жер - улуу акын Алыкул эс алып, поэзиясына дем-шык алган Койсары курортунун берки өйүзүндөгү чоң айыл. Көлдө студенттердин өздүк-көркөм чыгармачылык тобун түзүп, жака-белдеги айылдарга оюн коюп, соңунда концерт уюштуруп, кыска убакыт ичинде бир топ айылдарды кыдырууга жетишкен. Баарынан да курсташыбыз Аскар Бекбоевдин Кереге-Таш айылына концерт коюп, мейман болуп келишкени чоң окуя болгон.

Кызмат

Студенттик кезде коомдук иштерге кызуу аралашып, кийин бүтүрүүчүлөрдү ишке бөлүштүрүүгө келгенде Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин жооптуу кызматына дайындалды. Комсомолдук жумуштан соң Министрлер советинин аппаратында, анан бир топ жыл Таласта жооптуу кызматтарда иштеп жүрдү. Окуудан кийин ар бирибиз ар кайсы жерде иштеп, мурдагы каттоо үзүлдү. Ал эми Ташбоо аганы кез-кез жолдон учуратып, кайсы бир жыйындарда учурашып, кездешкенде студенттик кезибизди эстеп, кимдин кайсы жерде экенин сурап калчубуз. Кандай иш тапшырылса да аны тыкан аткарууга көнгөн курсташым жооптуу кызматтарды да жакшы аткарганын угуп жүрдүм. Чоң кызматта болсо деле баштагысындай шагдам, ачык, кишинин жүзүнө тике карап, сүйлөп атканды кунт коюп укканын, студент кездегиден анча деле өзгөрбөгөнүн байкадым. Ал барган жерин жандантып жиберчү. Жаңы иштерди баштап, демилге көтөрүп, аны жүзөгө ашырганча жаны тынчу эмес. Анан да Ташбоо агада куу чирендик жок эле, тапшырылган кызматын так аткарып, жаңы ишти баштап, эмгек жамаатын жалпы ишке буруп койчу.

Ушундай сапатына Улуттук тил комиссиясын башкарып турган кезинде дагы бир ирет ынандым. Комиссия жетекчилигине келгенден көп өтпөй адистердин чоң тобун чогултуп, кандай иштерди жасоо ниети бар экенин айтты. Ал кезде мамлекеттик тил мыйзамынын талабын аткарыш үчүн ишкерлердин көбү көрнөк-жарнактарына келегей тил котормолорун жайнатып илип салышчу. Маанилүү ишке илең-салаң мамиле күчүндө болчу. Ташбоо агага чейин ал маселеге атайын көңүл бурган аткаминер деле болгон эмес эле. Ири шаарлардагы көрүнөө жерге илинген көрнөк-жарнактардагы толгон-токой каталар, келегей сүйлөмдөр сүрөткө тартылып, эсепке алынып, комиссия башчысы аны каадалуу жыйындарда айтып, тийиштүү мекемелердин жетекчилерине билдирип, кыска убакыттын ичинде шаарды каптап кеткен чала сабаттык кыйла азайган.

«Мамлекеттик тил» деп бакырганыбыз менен конкреттүү иштер аз болуп жатканын көргөн Ташбоо ага кыргыз тилинде кош тилдүү сөздүктөрдү, сурап алма маалыматчыл китептерди арбын чыгарууга киришти. Окуу курстары жанданды, кыргыз тилин электрондук айдыңга өткөрүү иштери жанданды. Бир өкүнткөн жагдай - ал ишти кыйла жөндөп койгондон кийин Анкарага элчи кылып жөнөтүп ийишти.

Эгемен өлкөдө мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүнүн тарып, толук иштебей жатышынын бир топ себептери бар. Эң биринчиден, ал элибиздин маданий деңгээлине, улуттук аң-сезимине байланышкан. Интеллектуалдык көрөңгөсү бийик улут өз тилин башкаларга күчтөп үйрөтпөйт, коомдук-маданий шартында жашаган башка улуттар иш кагаздары жүрчү мамлекеттик тилди сөзсүз билишине шарт түзүп берет. Ташбоо аганын комиссиядагы иши өкмөттүк мекемени кыйла жандантып койду. Антишке анын бир топ жылдык жетекчилик тажрыйбасы, ага кошулуп ичте кайнаган улуттук ар-намысы мамлекеттик тилдин баркын көтөрүп, аны коом турмушунда ээлечү ордуна алып келүүгө түрткү берди окшойт. Комиссия жетекчиси болуп турган кезинде ал өзү баш болуп атайын кербен уюштуруп, калк арасында тил маселесин талкуулап, аткарылчу милдеттерди көпчүлүк алдында жарыя кылып жүрдү. Ага чейин да, андан кийин да мындай иш жасалбады. Ташбоо ага мамлекеттик тил мектептен, бала бакчадан башталышы керек экенин туюп, билим берүү системасы аркылуу да бир топ иштерди жасаган. Мамлекеттик тил чоң-кичине, төмөнкү-жогорку кызматта отурган азаматтардын ким экенин, кандай адам экенин кашкайтып көрсөтүп турган сыноо аянтчасы экен. Ташбоо ага ал сыноодон ийгиликтүү өттү. Өлкөсү үчүн бир топ алгылыктуу иштерди жасап кетти.

Ташбоо ага тууралуу ушул кыска эскерүүмдү жазып жатканда көп нерселер ойго түштү. Ташбоо аганын жанында болуп, анын иштешине шарт түзгөн курсташым Жеңишгүл Өзүбекованын кыйладан бери Москвада ооруканада карап жатканын, канча аракет, үмүт кылса да алышкан оору акыры асыл адамды алып тынганын ойлоп, социалдык желедеги курсташым профессор Аскар Бекбоевдин Ташбоо ага тууралуу жазганын келтире кетүүнү туура көрдүм.

«Көкүрөктү кере кыраатын келтирип каза-каза сүйлөгөн Ташыкемдин үнү дагы эле жаңырып турат... Көк асманды жиреп, былк этпеген коюу булутка матырылган Жер-Эненин азуу тиштериндей болгон аскалуу бийик тоолордун кууш тарткан капчыгайларында жаңырган Жаңырыктай... чексиздиктин шооласы болгон Жаңырык... Прометейдин жүрөгүндөй тирүүлүктүн нурун чачкан Жаңырык... Ташыкем менен чет өлкөлөрдө да бирге болдук. Өзгөчө дыкаттык менен даярданар эле. Кыябын келтирип кыргызча жасалгалаган, кыргызча көчөт менен шөкөттөлгөн тик жака жеңил пальто да тиктирип алар эле, ак калпагын алчылата кийип алып...» - деп жазат Аскар Бекбоев.

«Кыргыз» деп, «менин улутум да башкалардын катарында тең ата болсо экен, өмгөктүүлөр алдында басынып калбаса экен» деп, шартылдаган, ачык, өзү кийип жүргөн ак калпагындай дили таза, намыска бек, айкөл калк болсо экен деп, бир боор калкынын жакшылыгын тилеген дагы бир азамат кысталыш чакта бу жалганды таштап кете берди. Пенденин жашоосу ошентип аягына чыгат экен. Артында жакындары, жасаган эмгеги, аскасы асман тиреген Ала-Тоосу, калкайган калкы калды. Москвадан Ташбоо ага Жеңишгүл экөөнүн чоң дарыяны бойлоп басып жүргөн, көргөнү барган жакын адамдары менен түшкөн сүрөттөрүн салып, Мекениндеги абалды сураттырып турду. Ал жактан эми аны алып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG