Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Баткенден эвакуация болгон 39 келиндин 27си көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуя учурунда үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгондордун арасынан кош бойлуу 39 келин дарыгерлерден жардам сурап кайрылганын 23-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, 39 аялдын 27си аман-эсен көз жарып алды. Дарыгерлерге кайрылгандардын 10у Бишкектин ооруканаларына жактырылган, алардын үчөө көз жарды, калгандары гинекология жана патология бөлүмдөрүндө дарыланып жатышат.

Жаңжалдан кийин жарыкка келген Тынчтык, Эламандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:42 0:00

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG