Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Жикчилдер бошоткон беш туткун Британияга келди


Британиялыктар Эйден Эслин, Шон Пиннер жана морокколук Саадун Брагим соттук процессте.
Британиялыктар Эйден Эслин, Шон Пиннер жана морокколук Саадун Брагим соттук процессте.

Украинанын жикчил аймактарында туткундан бошотулган беш британ жараны - Эйден Эслин, Шон Пиннер, Жон Хардинг, Дилан Хили жана Эндрю Хилл Улуу Британияга алып келинди. Бул тууралуу маалыматты Украинада жардам берүү жана эвакуация менен алектенип жаткан Presidium Network коммерциялык эмес уюму кабарлады.

Мунун алдында Орусиянын бийлиги алмашуу процедурасынын алкагында Украинанын Донецк облусундагы жикчилдердин колунда жаткан чет элдик он туткунду бошоткон. Reuters маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, анын ичинде Улуу Британиянын беш жараны, АКШнын эки жараны, ошондой эле Швециянын, Хорватиянын жана Марокконун бирден жараны болгон.

Reuters белгилегендей, туткунга түшкөн чет элдиктерди бошотуу Сауд Арабиясынын мураскер канзадаасы Мухаммед бен Салмандын ортомчулугу менен ишке ашкан. Туткундардын баары араб падышачылыгынын аймагына жөнөтүлгөн. Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс муну “көптөн күтүлгөн жаңылык” деп атады.

Украинанын Донецк облусунун аймагындагы “Донецк Элдик Республикасы” жикчил түзүмүнүн соту 9-июнда украин армиясынын катарында согушуп жаткан үч чет элдик жаранды - британиялыктар Шон Пиннер менен Эйден Аслинди, марокколук Саадун Брагимди өлүм жазасына өкүм кылган. Алар "жалданмачылыкка" жана "бийликти куралдуу басып алууга айыптуу" деп табылган. Жикчил түзүмдүн мыйзамдарына ылайык, алар атылышы мүмкүн эле.

Эл аралык коомчулук тааныбаган соту августта дагы беш чет өлкөлүк жаранга украин тарапта согушка катышканы үчүн айып койгон. Ага ылайык, Швециянын, Хорватиянын жана Британиянын жарандары Матиас Густавссон, Векослав Пребег менен Жон Хардингге ”бийликти куралдуу басып алуу аракеттенүүгө" байланыштуу кине тагылган. Дагы эки британ жараны Эндрю Хилл менен Дилану Хилге согуш аракеттерине катышуу, жалданмачылыкка айыпталып жаткан. Алар да өлүм жазасына тартылышы мүмкүн эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG