Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Баткен районунун акими абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди


Баткен. Төрт-Көчө айылы. 2022-жылдын 18-сентябры.
Баткен. Төрт-Көчө айылы. 2022-жылдын 18-сентябры.

Баткен облусунун Баткен районунда абал салыштырмалуу туруктуу экенин 23-сентябрда саат 15те район акими Учкунбек Жоробаев билдирди. Анын айтымында, 100 миң калкы бар райондун 60 миңге жакыны коопсуз райондорго эвакуация болгон.

Бүгүнкү күндө айылдарда жарылбай калган болушу ыктымал снаряддарды аныктоо жана аларды зыянсыздандыруу иши жүрүп жатканы, 321 үй жараксыз абалга кептелгени, жети мектеп, беш бала бакча, эки фельдшердик-акушердик пункт, райондун тиричилигин камсыздоочу 145 объект жабыркаганы, бул сандар акыркы эмес экени белгиленди.

Акимдин айтымында, коопсуз айылдарда социалдык объектилер кадимки тартипте иштеп жатат.

Жалпысынан Баткен районунда 54 мектеп жана 48 бала бакча бар, алардын арасынан 17 мектеп жана 12 бала бакча иштеп жатат.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Каргашалуу окуя Баткендин Лейлек жана Баткен райондорунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунда катталды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG