Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Орусиядагы мобилизация кош жарандыгы барларды козгоду


Орусиянын армиясынын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери жүздөгөн адам аскерге чакыруу алды. Согушка барууну каалабагандар чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн чек араларга агылып, автоунаалардын узун кезеги пайда болду. Авиабилеттердин баасы эселеп кымбаттап, кеминде алдыңкы бир айдын билеттери сатылып кетти. Орусияда болуп жаткан бул окуялар журтташтарга, анын ичинде Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктарга кандай таасирин тийгизет?

Жарым-жартылай мобилизациянын жарыяланышы Орусияда бир кылка кабыл алынган жок. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койгон 21-сентябрдын кечинде эле нааразылык акциялар өтүп, ал өлкөнүн 40ка жакын шаарына жайылды. Алар согушту токтотууну талап кылып, жакындарын фронтко жиберүүгө каршы экенин айтышты.

Орусияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация Кыргызстанда да талкуунун чордонунда турат. Себеби бул өлкөдө 1 миллиондон ашык кыргызстандык мигрант, анын ичинде Орусиянын жарандыгын алган мекендештер бар.

“Мигранттар, Орусиядан чыгып кеткиле”

Владимир Путиндин жарым-жартылай мобилизация жарыялоо боюнча жарлыгына ылайык, аскерге запаста тургандар, мурда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөр, буга чейин согуштук аракеттерге катышкандар чакырылат жана алар атайын даярдыктан өтүшөт. Коргоо министри Сергей Шойгу болсо мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо менен алектенип келген, ушул тапта Арменияда жүргөн Валентина Чупик “Азаттыкка” берген комментарийинде мигранттарды Орусиядан тезирээк чыгып кетүүгө чакырды.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

“Орусиядагы мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуш кылам. Ал эми Орусиянын жарандыгын алган жана жашы 50гө чыга электер өлкөдөн тез арада кетиши керек. Анткени алар согушка (ред: Украинадагы согушка) биринчилерден болуп жөнөтүлөт. Ал жакта окко учканы аз келгенсип аскердик кылмышкер да болот. Орусиянын жарандыгы жокторду да чыгып кеткиле деп жатканымдын себеби аларды согушка азгырып, мажбурлап атышат. Азыр иштеген жерлеринде тек-жайы тууралуу ар кандай анкеталарды толтуртууда. Аны Коргоо министрлиги чогултуп жатат. Эмне себептен экенин өзүңөр деле түшүнүп атсаңар керек. Ошондуктан мигранттар болушунча тез аранын ичинде чыгып кетиши керек. Баары бир жакынкы жылдары силерди Орусияда жакшылык күпөйт”.

Орусиядагы мобилизациядан качкандар ушул тапта Казакстандын, Грузиянын, Финляндиянын жана Армениянын чек арасында узун кезекте турушат. Анткени бул өлкөлөргө кирүү жеңил жана орус жарандары каттоосу жок бир нече күн жүрө алышат.

Азырынча Орусиядан Кыргызстанга массалык түрдө кайткандар байкала элек. Бирок билеттин баасы эселеп кымбаттап тартыш болуп жатканы мекенине кайтууну каалагандар көп экенин билдирет.

Орусия менен Финляндиянын чек арасы. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Орусия менен Финляндиянын чек арасы. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Орус жарандыгын алгандардын көйгөйү

Баарынан да Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын маселеси курч турат. Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде ал 8,4 миң кишини түзгөн. Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын так саны жок. Анткени алардын көбү Кыргызстандын жарандыгынан да чыкпайт. Ошентип, иш жүзүндө эки паспорт менен жүрөт. Бейрасмий эсепте 500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Юристтердин түшүндүрмөсүнө караганда, Орусиянын жарандыгын алып бул өлкөдө аскердик кызмат өтөгөн кыргызстандыктар да мобилизацияланат. Алар аскердик чакырууну колуна алганга чейин Орусиядан чыгып кетсе болот. Бирок чакырууну алгандан кийин ал мүмкүн эмес.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталардан бир күн мурун 20-сентябрда Мамлекеттик Дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктаган. Документке ылайык, дезертирлердин жазасы катаалдашып, туткунга өз ыктыяры менен өтүп кеткендерге жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн белгиленген. Демек, аскерден качкандар жоопкерчиликке тартылат.

Орусияда мигранттарга укуктук көмөк көрсөткөн активист Гүлиза Акматсияева Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар тууралуу мындай деди:

Гүлиза Акматсияева.
Гүлиза Акматсияева.

“Башка өлкөнүн паспортун алгандар ал мамлекеттин талаптарын аткарат. Ошондуктан аскерге чакыруу келсе барганга туура келет. Азыр аскерге биринчи кезекте аскердик тажрыйбасы бар 300 миң киши тартылат. Орусиянын жарандыгын алып, аскердик кызмат өтөгөн кыргызстандыктар да алардын катарында болушу мүмкүн. Бирок жарым-жартылай мобилизациянын жөнөкөй мигранттарга тиешеси жок. Ошондуктан анчалык дүрбөлөңгө түшпөш керек”.

Орус бийлиги жарым-жартылай мобилизацияга аскердик тажрыйбасы барлар гана тартылат деген менен ага көпчүлүк ынанган жок. Иш жүзүндө Украинадагы согушка мигранттардан тарта абакта отургандар да азгырылып жатканы белгилүү. Буга чейин теги кыргызстандык бир нече адам Украинада майданда каза болгон. Фронтто өзбекстандыктар колго түшкөн видеолор да тараган.

Кыргызстандагы “Тандем” юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттуубүбү Эргешбаева акыркы окуялар боюнча кыргыз бийлигине сунуштарды берди.

“Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык эркектер жарлыктын талаптарына жооп берсе аскерге чакырылат. Бирок Кыргызстандын ар бир жараны өз өлкөсүнө кайтып келгенге колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын жарандыгына кайтуу процедурасын мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү керек. Алар Кыргызстандын жарандыгын кайтарып алууга, орус жарандыгынан чыгууга укуктуу. Анда Орусия чет элдик жаранды Орусиянын аймагында кармай албайт. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жарандыгына кайтуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алышы зарыл”.

“Кош жарандыгы барлар Орусиянын гана жараны болот”

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова кош жарандуулукка байланыштуу “Азаттыкка” буларды айтты:

“Орусиянын жарандыгы жөнүндө 2021-жылдын 31-майындагы федералдык мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар кош жарандыгы бар экенине карабастан Орусиянын гана жараны болуп саналат. Мобилизация тууралуу жарлыкка ылайык, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө аскердик кызматка Орусиянын жарандары чакырылууда. Мобилизациялоо Орусиянын жарандарына гана тиешелүү. Ал эми кыргыз жарандары чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге, куралдуу чыр-чатактарга катышса, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык 10 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, жазага тартылат”.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Ошол эле кезде Кыргызстандын Конституциясы боюнча, кыргызстандыктар башка өлкөнүн жарандыгын алса, анын кыргыз жарандыгы алынбайт.

Орусияда жарым-жартылай мобилизациянын алдында армияда кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынган. Анын алкагында Сахароводогу миграция борборунда атайын бөлүм ачылды.

Орусияда бир нече жыл юрист болуп иштеп ушул тапта АКШда жүргөн Мирбек Токтошев Орусиядагы акыркы окуяларды элди толук мобилизация кылууга даярдык катары баалады.

“Бул толук кандуу мобилизация жарыялоого болгон биринчи кадам. Мобилизация дегенде аларды дароо согушка алып кетпейт. Биринчи алардын ден соолугун текшерип, тизмени түзүү. Орусиянын бийлиги буга чейин эч кандай мобилизация болбойт деп келгени менен эми жарандарды аскерге тартууга аргасыз болду”, - деди юрист.

Жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Бурятияда резервдеги адамдарга 22-сентябрга караган түнү массалык түрдө аскерге чакыруу таратылып, көпчүлүгү түз эле комиссариаттарга алынып кетти. Маалыматка караганда, айылдарда эркектерди жапырт кармап, алып кетип жатышат. Беш миңдей адам жашаган бир эле Курумкан деген айылда 700 адамга аскерге чакыруу берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG