Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Тажикстан: Украинада уруш башталганы орус базасында аскер азайды


Украинага кирген орус армиясынын аскерлери.
Украинага кирген орус армиясынын аскерлери.

Украинадагы согуш Тажикстандагы Орусиянын аскер базасына кандай таасир этип жатат?

“Азаттык” жана “Озоди” радиолору Украинадагы согуш Орусиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базаларына кандай таасирин тийгизгенин иликтеп көрдү. Биринчи макалада Орусиянын Кыргызстандагы “Кант” аба базасынан Украинага жиберилген тывалыктар, экинчи макалада Тажикстандагы 201-дивизия тууралуу сөз болот.

Орусия Тажикстанда жайгашкан базасындагы аскерлерди Украинадагы урушка салган. "Азаттыктын" тажик кызматынын ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, Дүйшөмбү жана Бохтар шаарларында жайгашкан 201-дивизиянын аскерлери Украинага жиберилген.

Согуш башталгандан берки жарым жылдан ашуун убакытта тажик жергесиндеги дивизиядан бир топ жоокер майданга жөнөтүлгөн. Бул маалыматты журналисттерге базаны ичинен жана сыртынан билген кеминде төрт булак бышыктады.

28-августта Орусиянын 201-дивизиясынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Василий Маховой "Азаттыкка" Украинадагы урушка ал жерден аскер жиберилгенин бышыктаган да, четке каккан да жок. "Азаттык" комментарий сурап расмий кат да жиберди.

5-августта "Азаттык" радиосу бул дивизиянын командачылыгына кат жиберип, Украинадагы уруштун Тажикстандын коопсуздугун толук камсыз кылууга таасири канчалык экенин сурады. Бул катка да азырынча жооп келе элек.

Журналисттер топтогон маалыматка караганда, 201-дивизиядан Украинага миңден 1500гө чейин аскер жана офицер жөнөтүлгөн. 27-августта бул базада кызмат өтөгөн, аты-жөнүн айтуудан чочулаган жоокер "жакынкы күндөрү дагы 600 кишини" согушка алып кетерин айтып берди.

Мындай маалыматты базанын дагы бир кызматкери бышыктап, 600 кишиден турган дагы бир топту Украинага жөнөтүшкөнүн, алардын ичинде бир топ кызматташтары бардыгын айтып берди.

Орус базасынын расмийлери Тажикстандан Украинага аскер жиберилгени тууралуу ачык айтуудан карманууда. Алардын ичинен биз кепке тарта алгандары "Украинага көп киши жиберилгенин" бышыктап, бирок датасын айтуудан баш тартты же так маалыматы жок болуп чыкты.

Дүйшөмбүдөгү "кампа"

Дүйшөмбүнүн Жаббор Расулов көчөсүндө 201-базанын кампасы турат. Анда иштеген кызматкерлердин айтымында, ал жерде тамак-аш жана базадагы керектен чыккан жабдыктар сакталат. Кампанын имараты көчө жактан байкалбайт. Имараттын өзүндө дагы, дарбазада дагы "кооптуу аймак" деген эскертүүдөн башка эч бир жазуу жок.

Орусиянын базасынын азык-түлүк, керексиз жабдыктар сакталат делген кампасы
Орусиянын базасынын азык-түлүк, керексиз жабдыктар сакталат делген кампасы

Кампада иштегендердин бири дивизиянын командачылыгынын токтому менен бул кампага тамак-аштын кайсы бир түрү келип турарын "Азаттыкка" айтып берди. Ал Украинада уруш башталгандан бери Дүйшөмбүдөгү 201-базанын аскерлеринин саны кыскарып, андыктан тамак-ашка болгон буюртма дагы азайганын белгиледи.

"2012-жылга чейин бул жерде чоң кампа бар эле. Андан кийин тамак-аш сактоочу жай деп аталып, ижарага берилген кампаларда аскерлерге делген азык-түлүк сакталат. Бирок көлөмү көп деле эмес" деп кошумчалады. Бизге сүйлөп берген киши өзү аскер адамы эмес экенин, көп жылдан бери тамак-аш менен камсыздоо тармагында иштерин, Украинага аскерлер кеткени тууралуу маалыматы бардыгын айтып берди.

"Бул базадан миңден ашуун, тагыраагы 1,5 миңге чукул аскер согушка кетти. Балким бул сан өзгөргөндүр, так билбейм. Мага белгилүү болгондой, аскерлер төрт айга чейин Украинадагы атайын операцияга катышып, андан кийин кайтып келмек. Бирок эмдигиче келише элек. Алар төрт ай атайын операцияга катышкандан кийин эс алууга жиберилгенин айтып жатышат", - деп чечмеледи биздин маектеш.

"Аскердик шаарча"

Дүйшөмбүдө орусиялык база жайгашкан жер "аскердик шаарча" деп аталат. Ал жердин тургундары жана такси айдоочулар базадан чыккан кардарлар азайганын журналисттерге айтып беришти.

Дүйшөмбүдөгү аскердик шаарча жайгашкан жер.
Дүйшөмбүдөгү аскердик шаарча жайгашкан жер.

"Мурда алар көп каттачу, бул жерде ары-бери басып сейилдеп жүргөндөрүн көп көрчүбүз. Азыр карасаңар, алар азайды. Соңку айларда орус аскерлеринин бирдеме сатып алганы да азайды, анткени биздин кардарлардын бир бөлүгүн Украинага алып кетишти", - деди өз атын айткысы келбеген жергиликтүү соода-сатык кылгандардын бири.

Тажик баш калаасындагы орус базасынын кире беришине чукул жерде кардар күткөн таксисттер көп турат. Алар чет элдиктерге кызматын көрсөтүп, акчасын алат.

Бир топ жылдан бери бул жерде эл ташып иштеген айдоочулардын бири Украинадагы урушка үч жолу 500-600дөн кишини чыгарып кеткенин билерин айтты.

"Мага бул тууралуу өзүм жакшы тааныган кардарларым айткан. Менин тааныштарым, мурда такай ташыган кардарларым эми жок. Алар кайда деп кызматташтарынан сурасам, Украинага алып кеткенин айтышты. Азыр мурдагыга караганда кардарларым азайды".

Орусиялык аскерлердин арасынан база жайгашкан райондогу үйлөрдү жана батирлерди ижарага алгандары дагы бир топ болчу. "Алар жакшы акча төлөшчү" дейт орус офицерлерине батирин ижарага берип жүргөн Абдурахим Солехов.

"Эки айдан бери башка киши таппай жатам. Ижарага батир издеп офицерлер эле эмес, келишим менен кызмат кылгандар дагы келишчү. Азыр эми эч ким жок", - деди батир ээлеринин бири.

Бахтордогу база

Жергиликтүү тургундар күбөлөндүргөндөй, Орусия Украинага басып киргени Дүйшөмбүдө гана эмес Бахтор шаарында дагы орус аскерлеринин саны кыскарды.

Бахтордогу аскердик базанын жанында такси айдап иштеген Аввазали "мурда дем алыштарда орус аскерлери тамак-аш сатып алууга, сууга түшүп эс алууга көп чыгып, ресторанга үзбөй барышчу" дейт. Эми болсо анда-санда орус аялдар менен алардын балдарын гана көрүп калганын айтты.

Орусиялык аскерлер көп барган "Эхсон" ресторанынын официанты Намазали "аскерлердин сөзүнө караганда, 200 киши Украинага кеткен" деди. Шаардагы башка бир ресторандын официанты Саша "такай келип жүрүп, тааныш болуп калган базанын аскерлери аны менен эки күн мурда коштошуп, Украинага кеткенин" "Азаттыкка" 28-июлда айтып берди.

Бахтордогу Айни көчөсүндө дүкөн кармаган Рухсора Ганжиева "орус аскерлери айрыкча жоокерлер дүкөнгө анда-санда кирип калды, анын айынан соода солгундады. Алар ар кандай суусундуктарды, кээде пиво сатып алышчу",- дейт.

"Октябрда Харбмайданда машыгуу болот"

Украинада согуш башталган алты айдан бери Тажикстанда орус базасындагы аскерлер катышкан бир дагы машыгуу өткөн жок.

Тажик-ооган чек арасындагы аскердик машыгууга катышкан танктар, 20-июль, 2021-жыл.
Тажик-ооган чек арасындагы аскердик машыгууга катышкан танктар, 20-июль, 2021-жыл.

Маселен, 2021-жылы Орусия Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы союздаштары менен Тажикстанда бир катар машыгууларды өткөргөн.

Тажик бийлиги жакынкы айларда аскердик машыгуулар болобу деген сурообузга комментарий бере элек. Дүйшөмбүдөгү Орусиянын 201-базасынын бир өкүлү октябрда Тажикстанда орус күчтөрүнүн катышуусунда асердий машыгуу өтөрүн айтты.

"Октябрда "Харбмайданда" (аскердик полигон) аскердик машыгуу өткөрүү күтүлүүдө. Адегенде Казакстанда башталып, андан кийин Кыргызстанда, анан октябрда "Харбмайданда" уланат", - деп кошумчалады. Биз байланышкан киши мындан башка маалымат берген жок.

Орусиянын 201-базасына жакын булак Тажикстанда орусиялыктардын аскердик машыгуусу өтпөгөнүн Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштырат.

Аскер базасынын өкүлдөрү бул тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартканы менен биздин маектештер Украинадагы уруш Орусиянын Тажикстандагы гана эмес, башка өлкөлөрдөгү аскердик базаларынын ишине да таасирин тийгизип жатканын билдирди.

Дүйшөмбүнүн жанында өткөн орус-тажик аскерлеринин биргелешкен машыгуусу, 15-сентябрь, 2016-жыл.
Дүйшөмбүнүн жанында өткөн орус-тажик аскерлеринин биргелешкен машыгуусу, 15-сентябрь, 2016-жыл.

Тажикстандагы орус армиясынын 201-дивизиясы чет жердеги эң чоң контингент болуп саналат. Базанын бөлүктөрү Дүйшөмбү жана Бохтар шаарларында жайгашкан. 2012-жылы Москва менен Дүйшөмбү келишимди 2042-жылга чейин узарткан.

2015-жылдын аягында дивизия Куляб шаарына жайгашкан. Мурда 201-дивизияда 6-7 миң киши кызмат кылары айтылчу. Бирок аскерлердин жана согуштук техниканын саны дайыма өзгөрүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG