Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

“Канттагы" орус базасынан Украинадагы урушка жөнөтүлгөн тывалыктар


Орусиянын Украинадагы аскерлери, Мариуполь, 13-апрель 2022-жыл.

Орусия Кыргызстандагы “Кант” авиабазасы аркылуу Украинадагы согушка өз аскерлерин жибергени белгилүү болду. “Азаттык” радиосу согуш башталганга чейин баш калаа Бишкектен 20 чакырым жерде турган орус базасында Тывадан келген ондогон аскер кызмат өтөгөнүн, алардын бир бөлүгү кийинчерээк Украинада согушта каза тапканын тактады. Жергиликтүү тургундар Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй “Канттагы” базада баштагыдай активдүүлүк азайганын байкашкан.

“Азаттык” жана “Озоди” радиолору Украинадагы согуш Орусиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базаларына кандай таасирин тийгизгенин иликтеп көрдү. Биринчи макалада Орусиянын Кыргызстандагы “Кант” аба базасы, экинчи макалада Тажикстандагы 201-дивизия тууралуу сөз болот.

“Жарымы каза болуп, бир бөлүгү туткунга түшүптүр”

“Тывалыктар бизди тууган көрчү”, - деди “Кант” авиабазасына жакын жашаган жергиликтүү жарандардын бири. - “Ушундан улам жакшы мамиледе болуп кеттик. Украинада согуш башталгандан кийин көрүнбөй калды”.

Биздин маектешибиз жеке коопсуздугу үчүн аты-жөнүн ачык айткан жок. Аны “Кант” авиабазасына жакын жердеги талаада дыйканчылык кылып аткан жеринен жолуктурдук.

Анын айтымында, тывалык жоокерлер жайдыр-кыштыр орустардын аскер базасынын ичиндеги чатырда жашашчу.

“Тывалыктар Кыргызстанга 2014-жылдан бери келе баштаган. Бирок 2021-жылы күзүндө көбөйүп, саны 300дөй болчу. Алар парашюттан секирип машыгып турарын билчүмүн. Согуш башталгандан кийин эле көрүнбөй калышты. Ага чейин бирөө согуш башталып атканын, кетиши мүмкүн экенин айткан. Азыр алар жашаган чатырларды да жыйнап салышты. Жарымы өлүп, калганы туткунга түшкөнүн да уктум”, - деди жергиликтүү тургун.

“Кант” аба базасында соңку жылдары Тывадан аскерлер келип турганын жергиликтүү тургандар жакшы билет. Анткени алар базанын айланасындагы дүкөндөрдөн соода кылып, Кант шаарынын борборуна чейин барып турушчу.

Бишкектин чыгыш тарабындагы бул шаарда жашаган таксист Ырыскелди жыл башында тывалык аскерлердин бирин эки-үч курдай ташып, Украинадагы согуш жөнүндө сүйлөшүп калганын айтып берди.

“Ал жигит бир жолу Тывадан аялы келем деп жатканын, ошон үчүн эки жумага батир издеп жүргөнүн айткан. Кийин кайра жолугуп калдык. Анан “аялың келдиби, батир таптыңбы” деп сурагам. Ал “бизди Украинага жиберип жатат, баарыбызды айдап атат” деп жооп берген. Бул согуш башталгандан кийин болгон окуя”, - деди Ырыскелди.

Орусиянын Кант шаарындагы аба базасы.
Орусиянын Кант шаарындагы аба базасы.

Тывалык жоокерлер Орусиянын армиясынын катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөнүн жергиликтүү тургундарга айтып беришкен. Алар аэродромдун ичиндеги атайын чатырларда жашап, базанын башка кызматкерлери менен көп аралашчу эмес. Ал жерди жакындан көргөндөр тывалыктардын саны 300-500гө жетиши мүмкүн деп боолголошот. Бирок бул санды Орусиянын расмий булактарынан ырастоо мүмкүн эмес.

Жергиликтүү тургундардын дагы бири Тывадан келген аскерлер жайгашкан деген жерди картадан көрсөтүп, мындайча чечмелеп берди:

“Арасында орус улутундагылар жок болчу. Жалаң тывалыктар эле. Кээ бир сөздөрү биздикине окшош экен. Аэродромдун ичинде жашаганы менен “Кант” авиабазасынын курамына кирген жок. Өзүлөрүнүн казармасы, ашканасы, мончосу бар болчу. Техникалары, куралы өзүнчө болчу. Алар машыгып, вертолёттон секирип турушчу. Мындан тышкары аэродромду кайтарып беришчү. Быйыл жазда эле жүрүшкөн. Азыр көрүнбөй калышты”, - деди ал.

Тывадан келген аскерлердин “Канттан” качан чыгып кеткенин, дагы базада калгандар бар же жок экенин так айтуу мүмкүн эмес. Бирок Google Earth Pro программасы быйыл июнь айында спутниктен тарткан сүрөттөргө карасак, авиабазанын аймагындагы тывалыктар жашаганы айтылып жаткан жерде 10 чакты чоң, андан кичирээк келген 12 майда чатыр тигилип, тегерек четинде аскер техникалары турганын көрүүгө болот.

Спутниктен алынган бул сүрөттөн Орусиянын "Кант" аба базасынын бир бөлүгүндө чатырлар тигилип турганын көрүүгө болот. Google Earth программасынын бул сүрөтү 2022-жылдын июнь айында тартылган.
Спутниктен алынган бул сүрөттөн Орусиянын "Кант" аба базасынын бир бөлүгүндө чатырлар тигилип турганын көрүүгө болот. Google Earth программасынын бул сүрөтү 2022-жылдын июнь айында тартылган.

“Азаттыктын” кабарчысы да сентябрь айынын башында Канттагы орус аскер базасы жайгашкан жерге барып, тывалыктар жашап келген деген чатырлардын орду бош турганын көрүп келди.

Тыва – Орусиянын карамагындагы жакыр республикалардын бири. Мындан улам армияда келишим аркылуу кызмат өтөө - акча табуунун бир жолу катары каралып келет.

Орус базасындагы тывалык жоокерлер жашаган чатырлар сүрөттөгү бак-дарактардын артында болгон. "Азаттыктын" кабарчысы азыр алар жок экенине күбө болду.
Орус базасындагы тывалык жоокерлер жашаган чатырлар сүрөттөгү бак-дарактардын артында болгон. "Азаттыктын" кабарчысы азыр алар жок экенине күбө болду.

Тывадан келген далилдер

Орусиянын “Кант” аба базасындагы тывалык аскерлердин бир бөлүгү Украинага жөнөтүлгөнүн дагы бир көз карандысыз булак ырастады. Согушка баруудан баш тарткан тывалыктарга жардам көрсөткөн “Жаңы Тыва” (“Новая Тува”) коомунун активисти Аяна (коопсуздуктан улам чыныгы аты-жөнү айтылбайт) Кыргызстанда кызмат өтөп жүргөн тывалык жоокерлердин чоо-жайын “Азаттыкка” түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, быйыл 21-июнда “Жаңы Тыванын” активисттерине тывалык бир жоокер байланышка чыгып, Кыргызстанда кызматтык сапарда жүргөнүн, Украинадагы согушка баргысы келбей турганын, базадагы башка бир нече тывалык менен чогуу келишимди токтотууну көздөөрүн, бирок аскердик жетекчилик аларды коё бербей жатканын айтып берген. Аба базасындагы аскердик жетекчилик тывалыктарга Украинага баргандан кийин гана келишимден баш тартса болорун билдирген.

Кыргызстандан байланышка чыккан бул жоокерлер Орусиядагы туруктуу жайгашкан жери катары Тыва Республикасынын Кызыл шаарындагы 55-аскердик аткычтар бригадасын көрсөтүшкөн.

“Келишимдик негизде иштеген бул аскерлерди Кыргызстанга декабрь же ноябрь айларында жөнөтүшкөн экен. Алар Кыргызстанда кандайдыр бир жайды кайтарышкан окшойт. Аларга кандай тапшырма берилгенин билбейм. Анан аларды жайында [Украинага] жөнөтө башташкан”, - деди Аяна.

“Жаңы Тыванын” активисттери аларга кайрылган тывалык жоокерлерге аскердик келишимден баш тартары жөнүндө рапортторун Тывага барып жазса болорун түшүндүрүп, керектүү документтердин үлгүлөрүн жөнөтүшкөн.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы базасында жүргөн тывалык аскерлердин паспорттору аскердик жайдын командачылыгынын колунда болгон. Акыры тогуз тывалык жоокер “үйгө жүк салабыз” деген шылтоо менен паспортторун убактылуу сурап алышкан жана өз акчасына билет алып, Бишкек аэропорту аркылуу Красноярск шаарына учуп келип, андан ары 29-июнда Тыванын Кызыл шаарына жетишкен.

“Тывага келишкенде аларга “силер баш тартканыңар жакшы болуптур” деп айтышкан. Себеби алар менен чогуу кызмат өтөгөн аскерлердин бир бөлүгү Украинада тузакка кабылып, каза болуп, бир бөлүгү жараат алышкан экен”, - деди Аяна.

Анын айтымында, 2022-жылдын июнь айында Кыргызстандан кеминде 90 тывалык аскер эки бөлүнүп, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн. Алардын 10у согушта каза таап, 20га чукулу жараат алган. Отуздан ашык тывалык аскер Украинага келгенден кийин согушуудан баш тартып, кайра Орусияга кайткан.

“Кыргызстандан барган тывалык аскердик кызматкерлердин көбү 29-июнда Украинанын Лисичанск шаарындагы кармаштарда каза болгонун билем. Орусиянын пропагандалык каналдарында аларга медал берилгени тууралуу көп сюжеттер бар”, - деди Аяна.

Чынында июль айынын башында Орусиядагы айрым маалымат каражаттары Лисичанск шаары үчүн салгылашууларда тывалыктардан куралган дал ушул 55-аткычтар бригадасынын аскерлери “эрдик көрсөтүшкөнүн”, бир бөлүгү курман болгонун жазышкан.

Аяна Кыргызстанда жүргөн тывалыктардын баары келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер болгонун, алардын ичинде өзү тааныган эки жоокердин жашы 30дар чамасында экенин белгиледи. Ал тывалык бир аскер кызматкеринин “Кант” аба базасына окшош жерде жана Бишкекте тартылган сүрөттөрү менен да бөлүштү. Бирок аларды аскердин коопсуздугуна шек келтирбөө үчүн жарыялай албайбыз.

Мындан тышкары “Жаңы Тыва” коомунун активисттери Кыргызстандан Украинага жөнөтүлүп, согушта каза тапкан кеминде бир тывалык жоокердин “ВКонтакте” социалдык түйүнүнө жарыяланган некрологу менен да бөлүштү. “Азаттык” маркум жоокердин Тывадагы жубайын таап, аны менен телефон аркылуу байланышты. Ал жолдошу Кызылдагы 55-аткычтар бригадасында келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнүн, жазында “Кант” аба базасына жөнөтүлгөнүн ырастады. Коопсуздук маселелеринен улам анын аты-жөнүн жана каза болгон тывалык жоокердин аты-жөнүн ачык жарыялабоону чечтик.

“Ал март айынын башында Кыргызстанга кызматтык сапар менен учуп кеткен. Ал жакта үч айдай болду. Үч айдан кийин аларды алгач эс алууга жөнөтөбүз дешкен. Кийинчерээк эс алууга чыгарышкан жок. Дароо Кыргызстандан түз эле Украинага жөнөтүштү. Ал 19унда [июнь] Украинага түшүп, 26-июнда каза болуп калды”, - деди маркумдун жубайы.

Ал маркум жоокердин артында балдары калганын айтып берди. Ошондой эле жолдошу Украинага өз эрки менен кетпегенин кошумчалады.

“Аларды жөнөтүштү. Алгач алар баш тартып, арыз жазышкан. Бирок ал арызды кабыл алышкан жок”, - деди маектешибиз.

Биз “Жаңы Тыванын” активисти Аянадан “Эмне үчүн тывалыктарды Кыргызстандагы база аркылуу Украинага жөнөтүштү экен?” - деп да сурадык. Ал муну Украинада орус аскерлеринин саны жетишсиз болгону менен байланыштырды.

"Авиабазада кыймыл азайып калды"

Кант шаарынын өйдө жагында жайгашкан орус авиабазасындагы аскерлердин жалпы саны тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Бир нече жыл мурда айрым орусиялык маалымат каражаттары "Канттагы" базада 500дөй офицерлер жана аскерлер кызмат өтөөрүн жазышкан. Бул базадан тывалыктардан башка дагы кимдер Украинадагы согушка жөнөтүлгөнү да белгисиз.

Ошентсе да жергиликтүү тургундар 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери анын Кыргызстандагы базасынын айланасында башка да өзгөрүүлөрдү байкаганын айтып беришти.

Адатта “Кант” базасында иштегендер өздөрү жашаган аскер шаарчасына жалгыз жол менен каттайт. Жергиликтүү тургундар базадагы активдүүлүк бул жолдогу кыймылдан улам билинип турарын айтышат.

Тывалыктар боюнча маалымат берген жаран буларды кошумчалады:

“Аскер базанын алдында машине токтотуучу жай бар. Ага 100-150 унаа батса керек. Мурда ошол жер толуп турчу. Украинада согуш башталгандан бери 20-30дай эле машине калыптыр. Анын үстүнө жол менен ары-бери каттаган машинелер да азайып кетти”.

"Кант" аба базасы.
"Кант" аба базасы.

Кант шаарынын тургундары орустардын базасындагы активдүүлүк азая түшкөнүн учуп-конгон учактардан да байкаса болорун белгилешет. Алардын айтымында, Украинада согуш башталганга чейин “Кант” авиабазасынан абага көтөрүлгөн учактардын жана тик учактардын саны көп болчу.

Базага жакын жашаган дагы бир тургун өз байкоолору менен бөлүштү.

“Жаңы согуш башталганда күнүгө учуп, машыгуу жүрүп аткан. Аябай активдүү болуп калышкан болчу. Жүк ташыган самолеттер келип-кетип жатканын өзүм көргөм. Вертолеттон парашют менен секирип, кишинин саны көп болчу. Азыр мурдагыдай активдүү эмес. Учуп-конгон учактар деле көрүнбөй калды. Жумасына бир эле жолу самолет учуп жатат окшойт. Биз бул жердеги солдаттардын так санын билбейбиз. Тегерете тикенек зым менен тосуп алышкан. Бирок алардын азая түшкөнүн самолет, вертолеттун саны менен эле түшүнсө болот”, - деди ал.

Бирок Кыргызстандын армиясына жана бийлигине жакын булактар Орусиянын авиабазасындагы учуулар уставга ылайык, мурдагыдай эле белгиленген мөөнөттө ишке ашырылып жатканын айтышты.

6-сентябрда “Азаттык” “Канттан” Украинага жөнөтүлгөн тывалыктардын таржымалы жана орус базасындагы активдүүлүктүн азайганы тууралуу Орусиянын авиабазасында иштеген кызматкерге кат жолдоду. Ушундай эле мазмундагы электрондук кат Орусиянын Бишкектеги элчилигине да жолдонду. Азырынча жооп келе элек.

24-августта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенттеги жыйынында Москва Кыргызстандагы жана Тажикстандагы базаларынын “күжүрмөн даярдыгын күчөтөт” деп айтканын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, Шойгу Ооганстанда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган жана “Ал Каида” эл аралык террордук топтору активдешип жатканын белгилеп, муну Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч деп атаган. Бирок “Азаттык” радиосунун кабарчылары тапкан далилдер соңку айларда бул базалардын биринде активдүүлүк азайганын ишарат кылып жатат.

"Батыш өлкөлөрү маселени кабыргасынан коюшу мүмкүн"

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. 2003-жылы октябрь айында ачылган база орус армиясынын борбордук округунун курамына кирет. Анын негизги милдети катары Борбор Азиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөө, ошондой эле Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) аскерий жардам берүү экени айтылып келет.

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов Кыргызстандын жоопкерчилиги боюнча оюн айтты.

"Орусия Кыргызстан аркылуу Украинага же башка өлкөгө аскер жана техника жибере албайт. Идеалдуу түрдө ушундай болушу керек эле. Анткени Украинадагы кырдаал Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) милдетине кирбейт. Аталган уюмдун башкы милдети ага мүчө өлкөлөрдү терроризмден жана сырткы коркунучтардан коргоо болуп эсептелет. Мындан улам Батыш өлкөлөрү же Эл аралык валюта фонду маселени кабыргасынан коюшу мүмкүн. Бирок Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык, биз алардын базасына келип-кетип аткан учактарды текшере албайбыз. Бизди базанын ичине киргизбейт. Бир нерсе болсо Коопсуздук кеңеши ушундай өңүттө жооп берсе керек. Негизи маалында келишимди башкача түзүшүбүз керек болчу".

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданынан тышкары, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG