Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Орусияда мобилизация: мигранттар кантет?


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия жарым-жартылай мобилизация жарыялардын алдында мигранттарды согушка тартуу үчүн жарандык алууну жеңилдетти. Айрым орус жарандыгы бар кыргызстандык аскерге чакыруу алганы маалым болду. Орусиянын өзүндө 21-сентябрда мобилизацияга каршы нааразылык акциясы өттү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

"Барбасаң дезертир болосуң, айла жок..."

Алай районунун тургуну Жоомарт 17 жашында Орусиянын жарандыгын алып, 19 жашында аскерге чакырылган. Ал Түндүк Осетиядагы чалгындоочу аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

"Айылдан мектепти бүтөрүм менен Москвадагы аке-эжелериме келгем. Алардын баары Орусиянын жарандары болчу. Мага да орус паспортун алып беришти. Көп өтпөй, армияга чакырган. Баргам. Түндүк Осетияда чалгындоочу бөлүктө болдум".

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда кол койгон мыйзамга ылайык, мобилизациялык иш-чаралар 21-сентябрда эле башталып, аскерге биринчи кезекте запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өтөрү айтылды.

Биздин маектешибиз Жоомарт 2013-2014-жылдары аскерде кызмат кылган. Демек, мобилизациялоого биринчи чакырыла тургандардан. Жоомарт аскерде жүргөн кезинде Украинанын орусиялык жикчилдер ээлеп алган Донецк аймагына да барышканын айтып берди.

"Бизди бир айга алып барышкан. Согушка салган эмес, бирок орус-украин чек арасында болгонбуз".

Жоомарт учурда Санкт-Петербург шаарында курулушта иштейт. Үй-бүлөлүү. Ал орус президентинин жарым-жартылай мобилизациялоо тууралуу жарлыгы чыкканын тааныштарынан укканын айтып, чакыруу келсе аскерге барарын кошумчалады.

"Чакырса барам, айла жок. Барбай койсоң дезертир болосуң. Башка салганын көрөбүз да. Негизи күздү аяктап, Кыргызстанга кетсемби деп жүргөм, себеби келинчегимдин боюнда бар. Ата-энем да улгайып калышты, барып аларга каралашканча мекенде эле жашасамбы дегем. Минтип мобилизация чыгып калды. Эми Кыргызстанга чыгарбайт дагы деп атышат".

Кош жарандыгы барлар кантет?

Жарым-жартылай мобилизациялоо тууралуу президент Путиндин буйругун улай эле 18-65 жаш аралыгындагы жарандарды сыртка чыкпасын деген оозеки буйрук болгону тууралуу маалымат тарады.

Бирок бул маалыматты Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларынан Орусияга каттаган "Авиатрафик" компаниясынын учагына билет саткан ишкер четке какты. Аты-жөнүн атагысы келбеген ишкер андай сөздү укканын, бирок түздөн-түз буйрук берип, чектөө болбогонун айтып, билеттер бардык курактагы адамдарга эркин сатылып жатканын маалымдады.

Мобилизациялоо тууралуу мыйзамдан тышкары Орусиянын Мамлекеттик Думасы 20-сентябрда өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктаган.

Анда дезертирлердин жазасын катуулатып, туткунга өз ыктыяры менен түшүп бергендерге, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган.

Аэропорттогу мигранттар. Иллюстрация.
Аэропорттогу мигранттар. Иллюстрация.


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аскерге мобилизациялоо тууралуу мыйзамга кош жарандыгы бар кыргызстандык мигранттар да туш болорун 21-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрдү.

Депутат Кыргызстандын да паспортун алып жүргөн жарандардын укугун коргоо - эң ириде кыргыз бийлигинин, анын ичинде Орусиядагы элчиликтин милдети экенин "Азаттыкка" түшүндүрдү.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Жарым-жартылай мобилизация болсо биздин кош жарандыгы бар мекендештерибизди Орусия аскерге чакырат. Анткени азыр көрүп жатасыздар, Украинадагы согушка көбүнчө орус эмес улуттагылар тартылып жатат. Ошондуктан, биздин мекендештерибиз да биринчилерден болуп чакырылышы мүмкүн. Биз кош жарандык алып жүргөн кыргызстандыктардын укугун жана өмүрүн коргоп алышыбыз керек. Эгер алар согушка баруудан баш тартса, Кыргызстандын жараны катары коргоого алууга кыргыз бийлиги милдеттүү".

Дастан Бекешев Орусиянын Мамдумасы кабыл алган: Армияда кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен берүүнү камсыздаган мыйзам Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин белгиледи.

Депутат Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мына ушуну ал жактан кыргызстандык жарандарга түшүндүрүп, жеткирүү зарыл деп эсептейт.

"Аскерге барсаң - жарандык аласың"

Орусиянын Мамлекеттик думасы кабыл алган мыйзамдарга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги 21-сентябрда ал жактагы кыргыз жарандарына кайрылуу таратты.

Анда элчилик Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштады.

Орусиянын армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен берүүнү камсыздаган мыйзам кабыл алынган соң, мыйзамды тез арада ишке ашыруу аракети башталды.

Москванын мэри Сергей Собянин 20-сентябрда эле Сахароводогу миграция борбору Коргоо министрлиги менен бирге аракеттенерин жарыялады. Ал өзүнүн жеке сайтына Москва өкмөтү жакын арада аталган миграциялык борбордо бул үчүн тиешелүү шарттарды түзөрүн маалымдады.

Сергей Собянин.
Сергей Собянин.

"Москва өкмөтү "Сахарово" миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандардын аскерде кызмат өтөөсүн уюштурууга Коргоо министрлиги көмөктөшүүсүн уюштурат. Шаардык кызматтар жарандар үчүн келишим түзүүгө болушунча ыңгайлуу шарт түзүп берет", - деп жазды.

Айрым байкоочулар муну орус бийлигинин кошумча аскер күчтү мигранттар менен толуктоо аракети катары баалашууда.

Чет өлкөлөрдө согушуп жүргөн кыргызстандыктар тууралуу жазып жүргөн коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деген пикирде.

"Орус бийлиги эми кайра тартпай турган жолдо калды. Согуш узакка созулчудай. Кошумча аскер зарыл болгондуктан, ушундай мыйзамдар кабыл алынды. Мунун артында көп нерсе бар. Анын ичинде славян тектүүлөрдүн аскерге барууга даярдыгы, каалоосу, макулдугу деген маселе да турат. Ошондуктан, мигранттарды тартуу аракети жүрүүдө. Кыргызстандыктар буга чейин деле башка жактардагы согуштарга катышып жүрүшкөнү факт. Мисалы, Сирияда. Быйыл февралда Украинада согуш башталгандан бери эле он чакты орус жарандыгын алган кыргызстандык ал жакта согушта мерт болду. Бул эми расмий аныкталганы. Канчасы согушуп жүрөт, так белгисиз. Эң эле башкы азгырык - акча. Орусиянын жарандыгы да аны ала албай жүргөн мигранттар үчүн аскерге барууга бир себеп болуп берет".


Орусиянын аскерге милдеттүүлүк мыйзамдарына ылайык, жарым-жартылай мобилизация жарыяланганда ага туш келүүчү жарандар аскер комиссариатынын уруксатысыз жашаган жеринен кетүүгө укугу жок.

Укук коргоочу Павел Чиков өзүнүн Телеграм-каналында Орусияда медициналык кызматкерлерге жана башка аскерге милдеттүү жарандарга чакыруу келе баштаганын жазды.

Социалдык тармактарда Орусиядагы кыргызстандыктар да орус жарандыгы барларга чакыруу келе баштаганын жазышууда.


Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар тууралуу так маалымат жок. Кыргызстандын Миграция кызматы 2015-жылдары 50 миңдей кыргызстандык жарандыгын алмаштырганын билдирген.

Бейрасмий маалыматтарга караганда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 0,5 миллионго чукул.

Бул маалыматтарды башка булактардан тактоого мүмкүн эмес, анткени Кыргызстандын Баш мыйзамында (50-берене) кыргызстандык адам башка өлкөнүн жарандыгын алса, анын кыргыз жарандыгы жоюлбайт деген жобо бар.

Орусиядагы каршылык акциясы

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларында 21-сентябрь күнү аскерге жарым-жартылай моибилизациялоо тууралуу мыйзамга каршылыгын билдирип, жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты.

Москвада Эски-Арбат аянтына чыккан элдин арасында аялдар көп болду. Алар "Биздин балдарыбызга жашоо!", "Согушка жол жок!" деп кыйкырышты. Кол кармашып, узун чынжырча болуп турган элди полиция кызматкерлери кармап кетти.

Санкт-Петербург шаарында мобилизацияга каршылар Исаак соборунун аянтына чогулушту. Аларды полиция курчап, кармап кетти. Кармоо учурунда полиция акциянын катышуучуларын желим таяк менен сабаганы тартылган тасмалар тарады.

Москвадагы мобилизацияга каршы митинг. 21-сентябрь, 2022-жыл.
Москвадагы мобилизацияга каршы митинг. 21-сентябрь, 2022-жыл.


Саат 23:30га карай Москва жана Санкт-Петербург шаарларында кеминде 1060 адам кармалганын укук коргоочу "ОВД-Инфо" уюму жазды.

Мобилизацияга каршы митинг, жүрүш, пикет жана башка акциялар Орусиянын 38 шаарында болду. Акцияга катышкандардын ичинен 1300дөн ашуун адам кармалганы кабарланды.

Екатеринбург шаарында активисттердин бирине бийлик өкүлүнө кол салды деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул шаарда 40 адам кармалган.

Челябинскиде 30, Пермь, Уфа шаарларынын ар биринде 20дан ашуун адам кармалган.

Кармоолор Красноярск, Тверь, Воронеж, Краснодар, Саратов, Калининград, Петрозаводск, Рязань, Иркутск жана башка шаарларда да жүргөнү кабарланды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG