Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Орусия: аскерден качкандар казак чек арасына агылды


Орусия-Казакстан чек арасындагы Маштаково өткөөлүнөн казактардын Орол шаарына кирүү кезегинде турган орусиялыктар. 22-сентябрь 2022-жыл
Орусия-Казакстан чек арасындагы Маштаково өткөөлүнөн казактардын Орол шаарына кирүү кезегинде турган орусиялыктар. 22-сентябрь 2022-жыл

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Казакстанды көздөй агылган элдин агымы күч алды. Казакстандык Hola news сайты Орусия менен чек арада узун кезектер пайда болгонун 22-сентябрда жазды. Маалыматта айтылгандай, тыгындар тартылган видеолорду интернетке социалдык тармактардын колдонуучулары жайгаштырып жатат.

“Авиабилеттерди жабыла сатып алуу, чек арадагы соңку көрүнүштөрдү бир топ киши Орусиядагы мобилизацияга байланыштырууда”, - деп жазат басылма.

Ал эми “Орол аптасы” өз сайтына Батыш Казакстан облусундагы Маштаково-Сырым чек ара өтмөгүндө бейшембиге караган түнү тартылган видеону, сүрөттөрдү чыгарды. Аларда ондогон машиненин узун кезегин, оор сумкаларды көтөрүп жөө бараткан кишилерди көрсө болот.

Ошол эле облуста Орусиянын Озинки айылынын жанындагы бир канча километрге созулган тыгындар пайда болду. Ошондой видеону тарткан автор кезекте 10 саат турганын айтты.

Костанайдагы "Наша газета" басылмасы Троицк шаарындагы машинелердин кезеги деген видеону өз сайтына жайгаштырды.

Грузиядагы чек ара пункту
Грузиядагы чек ара пункту

Узун кезек Грузия, Финляндия менен чек араларда да пайда болду.

Ал эми Орусиянын өзүндөгү социалдык тармактарда айрым аэропорттордо, асыресе Москва жана Санкт-Петербургда сыртка чыгып жаткан эркек жүргүнчүлөрдүн бардыгын кошумча текшеришүүдө деген маалыматтар тарап жатат. Дагы бир жерлерде кээ бир кишилерди гана кошумча текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

Чек арачылар жүргүнчүлөргө билет качан алынганына, артка билеттин бар-жогуна, армияда кызмат өтөп-өтөбөгөнүнө, аскердик адистигине байланышкан суроолорду беришүүдө. Текшерүүдөн кийин кимдир бирөөлөрдү чыгарбай коюшкандыгы тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Шаршембиде президент Владимир Путин жарым-жартылай моблизация тууралуу жарлыкка кол коюп, муну "өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо, Украинада фронтто согуштук аракет жүргүзүү зарылчылыгы" менен түшүндүргөн. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 300 миң резервист армияга чакырыларын билдирди.

Ошондон кийин Орусиядан бир нече шаарга, анын ичинде Стамбул, Ереван, Бишкекке авиабилеттерге талап кескин өсүп кеткени, билеттер эселеп кымбаттаганы айтылып келатат.

"Жарым-жартылай мобилизация менин бул жакка келгенимдин бир себеби. Мобилизация абдан туура эмес кадам болду, көптөгөн орус жарандары үчүн анын арты чоң мүшкүлгө алып келиши ыктымал", - деп айтты Стамбулга учуп келген Алекс атуу орус жараны.

Ошол эле маалда аскерге чакырылышы ыктымал деген кишилерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жок. Эксперттер президенттин жарлыгында бүдөмүк, суроо жараткан жерлер көп экенин, “мобилизация” тууралуу мыйзамда аскер комиссарынын уруксатысыз туруктуу жашаган жерден чыгууга болбойт деп каралганын эске салышат.

Москвадагы акция. 22-сентябрь 2022-жыл
Москвадагы акция. 22-сентябрь 2022-жыл

Шаршембиде Орусиянын 38 шаарында мобилизацияга каршы акцияларда 1400дан ашуун киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирди.

Москвада Арбатка чыккандар “Балдарыбызга жашоо!”, “Согушка жок!” деп ураан чакырып турушту. Чогулгандардын арасында аялдар көп болду.

"Мен коркпойм. Мен эч нерседен коркпой калдым. Алар бизди эң кымбат нерседен - балдарыбыздын өмүрлөрүнөн ажыратабы? Мен баламды өлүмгө жөнөтпөйм".

Кармалып кеткендердин айрымдарына полиция бөлүмдөрүндө орус армиясын дискредитациялоо үчүн протоколдор түзүлдү.

Тартип коргоочулар желим таяк колдонуп, акция катышуучуларын ырайымсыз таркатып жатышты.

Маалыматтарга караганда, эң көп киши Санкт-Петербург шаарында кармалды. Полиция бөлүмдөрүнө ал жерде 565 киши жеткирилди.

Акциялар Челябинск, Пермь, Уфа, Красноярск, Тверь, Саратов, Калининград, Иркустк жана башка шаарларда да өттү. Орусиянын Ички иштер министрлиги бир катар региондордо “санкцияланбаган акцияларды өктөрүүгө жол бербегенин” билдирди. Мекеме кармоолор болгонун айтып, бирок так санды атаган жок.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусияда жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG