Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Кыргыз жана тажик ТИМ башчыларынын жолугушуусу өттү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу маселелери боюнча орун басары Розмари Дикарлонун катышуусунда жолугушуу өткөрүшкөнүн Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз болуп, тараптар маселени мындан ары тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдиришти.

Сүйлөшүүгө катышкандар быйыл 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышты жөнгө салуу боюнча кабыл алынган протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Бул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйындары өтүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG