Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Футбол: милиция Кыргызстан-Орусия беттешине карата эскертүү жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек милициясы 24-сентябрда өтө турган Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттешине карата эскертүү жарыялады.

Анда оюндун катышуучулары, күйөрмандар жана фанаттар коомдук тартипти сакташы керектиги, эгер улут аралык кастыкты козутуу жана башка кандайдыр бир чагымчыл аракет көрүү фактылары же ээнбаштык аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартылары белгиленди.

Коопсуздукка коркунуч жараткан жагдай түзүлсө же шектүү буюмдар аныкталса, дароо 102 номуруна телефон чалуу керектиги эскертилди.

«Кыргызстан - Орусия» футбол беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 24-сентябрда кечинде өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG