Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Франкфуртта кыргызстандык жарандар тынчтык жүрүшкө чыгышты


 Франкфурт шаарында тынчтык жүрүшүнө чыккан кыргызстандыктар.
 Франкфурт шаарында тынчтык жүрүшүнө чыккан кыргызстандыктар.

Германиянын Франкфурт шаарында 100дөн ашуун кыргызстандык Баткендеги каргашаны айыптап, тынчтыкка чакырган жүрүшкө чыгышты.

Алар колдоруна «Согушка жол жок!», «Баткен, биз сени менен!» деген сыяктуу жазуулары бар кагаздарды көтөрүп, чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү.

Ушундай эле акциялар Германиянын Берлин, Гамбург, Мүнхен, Штутгарт жана башка шаарларында дагы өттү.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Көз каранды эмес булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG