Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Орусияда мобилизацияга каршы акцияларда 2500дөй киши кармалды


Орусияда митингге чыккан кызды полиция кызматкерлери кармап баратышат.
Орусияда митингге чыккан кызды полиция кызматкерлери кармап баратышат.

Орусиядагы митингдердин жүрүшүнө байкоо салган ОВД-Инфо тобунун маалыматына караганда, 25-сентябрда 35 шаарда өткөн мобилизацияга каршы нааразылык акцияларында 800дөн көп киши кармалды. Алардын көбү Москвада. Жалпысынан буйрук чыккан алты күндүн ичинде кармалгандардын саны 2500гө жетти. Укук коргоочу топ билдиргендей, кармалгандардын саны мындан да көп болушу ыктымал.

«Кавказ.Реалии» кабарлагандай, Дагестандын борбору Махачкалада 25-сентябрда өткөн митингди полиция күч менен таркатты. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо тартип коргоочулар митингдин катышуучуларын сабап жатканын көрүүгө болот. Ал жакта жүздөй киши кармалган.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Анын буйругу орус армиясы Украинада чегинип жаткан маалга туш келди. Бул - Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

Батыш эксперттери согуш башталгандан бери жети ай ичинде Орусия чоң жоготууга учураганын айтып келишет. Москва беш миңден ашуун аскеринен айрылганын жакында эле билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG