Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Мобилизация: каршылар, кармалгандар жана качкандар


Орусияда мобилизацияга каршы чыккандарды полиция кармап жатат.
Орусияда мобилизацияга каршы чыккандарды полиция кармап жатат.

Орусиянын бардык аймактарында аскерге мобилизациялоого каршы митингдер уланууда. Ошол эле учурда нааразылыкка чыккандарды күч менен басып жатышат. Жекшембиде 800дөй киши кармалганы маалым болду. Мобилизациядан качкандар ушул тапта Казакстан, Грузия, Финляндия жана Армения менен чек араларда узун кезекте турушат.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине мобилизацияга байланыштуу кайрылган кыргызстандыктар көбөйдү.

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарында мобилизацияга каршылар акцияга чыкты, алардын арасында полиция кармап кеткендери да бар. Нааразылык акцияларына мониторинг жасаган ОВД-Инфо 33 шаарда бери дегенде 796 киши кармалганын, анын жарымы Москвадан экенин билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, полиция жашы жете электерди да сүйрөп салып кеткен.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин запастагы аскерге милдеттүү жарандарды жарым-жартылай мобилизациялап, Украинадагы урушка кошумча күч зарылдыгын жарыялаган соң өлкө боюнча нааразылык акциялары башталды.

Абактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары жана «Весна» тобу элди нааразылык акцияларына чакыргандан бери, чогулгандарды таркатууга орус полициясы да жигердүү аралашты.

"Утро Дагестан" Телеграм каналы Эндирей кыштагындагы нааразылыктан видео таратты. Полиция чогулгандарды таркатуу үчүн асманга ок атып, жергиликтүү тургундар ызы-чуу түшүп жатканы көрүнөт.

Маалымат каражаттарына жарыяланган сүрөт-видеолор полиция демонстранттарга күч колдонуп жатканын далилдесе, күбөлөр биринчи митингдерге караганда көчөгө чыккандар азайганын белгилешет. Нааразылык акцияларында кармалгандарын көбүнө полиция бөлүмдөрүндө аскерге чакыруу кагаздары тапшырылган.

Мобилизациянын жүрүшүнө нааразылык алтургай кремлчил басылмаларда да жарык көрдү. 24-сентябрда бийликчил RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Телеграм каналына 35 жашка чейинкилер гана мобилизацияга тартылат дегени менен «40тагылар чакыруу алып жатканын» сындады.

Ошол эле күнү Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары кеңешинин жетекчиси Валерий Фадеев коргоо министри Сергей Шойгуну өлкөдөгү бир топ аскер комиссариаттарынын ишин чектөөгө чакырды.

25-сентябрда орус парламентинин эки палатасынын башчылары дагы бул маселе тууралуу пикир билдирди. Teлеграм каналында Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко мобилизациянын шартына туура келбеген эркектерге дагы чакыруу барып жатканын айтып, “ушунун айынан коомчулук кескин реакция жасап жатканы түшүнүктүү” деп жазды.

Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Волошин “эгер катачылык кетип жатса аны оңдоо зарыл” деп жазды. Анын айтымында, “бийликтин бардык деңгээлиндегилер өз милдеттерин түшүнүүсү абзел”.

Мобилизациядан качкандар жазаланат

24-сентярбда президент Путин мобилизациядан качкандардын жана украин армиясына колго түшүп бергендердин жазасын катаалдаткан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мобилизация жана согуштук абалда аскер бөлүгүн таштап, бир айдан ашык кызматка чыкпагандар беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Аскердик абал өкүм сүрүп турганда согуштук аракеттерге катышуудан баш тарткандарды эки жылдан үч жылга чейин камоо мөөнөтү каралган. Эгерде украиндерге багынып берсе үч жылдан 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Мародерлук үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Орусиянын бийлиги 300 миңдей запастагы аскерге милдеттүү жаран мобилизацияга тартыларын билдирген. Бирок орус басылмалары армияда такыр кызмат өтөбөгөн, алтургай жашы улгайып калгандар дагы чакыруу кагазын алып жатканын баяндаса, чет элдик медиа Кремлдин чыныгы максаты 1 миллион кишини согушка тартуу экенин жазып чыкты. Бирок орус бийлиги бул маалыматты четке какты. Батыш өлкөлөрүнүн чалгын маалыматына караганда, 24-февралда Орусия украин жергесине басып киргенден бери мерт болгондор менен жарадарларды кошкондо 70-80 миң кишисин жоготту.

Майдандагы жоготууну толтуруу максатында жарыяланган мобилизация орус жарандарын жапырт сыртка качууга мажбур кылды. Ушул тапта Казакстандын, Грузиянын жана Армениянын чек арасында узун кезек пайда болду. Бул өлкөлөрдө орус жарандары каттоосу жок бир нече күн жүрө алышат.

"Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.

“Оңго барсаң өзүң, солго барсаң атың өлөт”

Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык жашайт, алардын жарымынан көбү орус паспортун алганы маалым. Акыркы күндөрү Москвадагы элчиликке мобилизацияга байланыштуу кайрылган кыргызстандыктар көбөйдү. Негизинен мигранттар, орус жарандыгын алган кыргыз тектүүлөр, анын ичинде аскерге чакыруу алгандар кайрылып жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарга эч кандай тынчсызданууга негиз жок экенин белгилейт. Ал эми орус паспортун алган теги кыргызстандык жарандарга жардам бере албайт.

Кыргызстандын Орусиядагы консулу Манас Жолдошбеков жагдайды мындай түшүндүрдү.

“Эки өлкө ортосунда кош жарандык жөнүндө келишим жок. Орус паспортун алган кыргыздарды Орусия өзүнүн жараны деп эсептейт. Мобилизациянын шарттарына туура келсе аскерге чакыруу келиши мүмкүн деп ачык айтып жатабыз. Аскерге чакыруу алгандар дагы көп кайрылып жатат. Аларга “дүрбөлөңгө түшпөгүлө, тийиштүү жерге барып териштиргиле, чакыруу алгандын баары эле кете бербейт” деп түшүндүргөнгө аракет кылуудабыз", - деди Жолдошбеков.

Учурда аскерге чакыруу алган орусиялык кыргыздар ачык сүйлөп берүүдөн чочулашат. Журналист Сайрагүл Полотованын орус жарандыгын алган жакын таанышына аскерге чакыруу келген.

“Бир канча кыргызга аскерге чакыруу келген экен. Алардын арасында жакшы тааныш айылдашым бар. Аскер күбөлүгү менен каттоого турган. Барбай койсо 500 миң рубль айып салынып, соттолот. Барайын десе бул жактан ата-энеси, алты баласын багышы керек. Анын үстүнө Украинага барган кооптуу болуп жатат. Кызыктай абалда калды. "Оңго барсаң өзүң, солго барсаң атың өлөт" дегендей болуп жатат”, - деди Полотова.

Орусияда жашап жаткан Наргиза Ибраимова үй-бүлөсү менен орус жарандыгын алган. Анын айтымында, учурда жарандык алган кыргыздардын көпчүлүгү Орусиядан чыгып кетүүгө аракет кылууда. Учак билетинин баасы асмандап, учурда такси менен кеткендер да арбыган.

“Орус жарандыгын алган кыргыздардан мен билгенден бир кишиге аскердик чакыруу келди. Ал коркуп, Кыргызстанга качып кетти. Чек арадан кандай өткөнүн билбейм. Азыр жарым-жартылай болгондуктан чек аралар ачык эле болуп жатат. Ал эмес чакыруу ала элек кыргыздардын көбү дүрбөлөңгө түшүп жатат. 10 миң сомдук билет 100 миң сомго чыкты. Машинелер 10-20 миңден кишилерди ташып кетип жатат. Мени жолдошум, кайним деле качкан жок. Күйөөм аскер бөлүгүнө ашпозчу деп, кайним электрик деп каттоого турган. Качкан менен айла жок. Издөө жарыялап таап анан соттойт. Эл көргөндү көрөбүз деп коюп отурушат”, - деди Ибраимова.

Чек аралардагы узун кезек

Орусия-Кыргызстан багытында жүргүнчү ташып иштеген Максат акыркы күндөрү орус-казак чек араларында узун тыгындарга күбө болгон.

“Орусиянын паспортун алган кыргыздар көбөйдү. Орусия менен Казакстандын чек арасындагы тыгын 10-12 чакырымга чейин созулуп турат. Мен кечээ келгем. Азыр абал кандай экенин билбейм. Чек араны жабат дегендей сөз бар”, - деди ал.

Социалдык тармактарга тараган сүрөт. Орусиянын армиясында келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырган жарыя. Сентябрь, 2022-жыл.
Социалдык тармактарга тараган сүрөт. Орусиянын армиясында келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырган жарыя. Сентябрь, 2022-жыл.

Ал ортодо Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырган кыргызча жарнамалар социалдык тармактарда тарап жатат. Анда айына 190 миң рубль жана орус жарандыгын алуу сыяктуу бир топ жеңилдиктер берилери жазылган.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча башка өлкөдөгү согушка катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Орус мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандыктар Орусиянын гана жараны болуп эсептелерин 23-сентябрда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк мигранттарга эгер мобилизацияга чакыруу алса, дароо элчиликке кайрылууга кеңеш берип, чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышса жоопко тартыларын эскерткен.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG