Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Путин мобилизациядан качкандарга жазаны катаалдаткан мыйзамга кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу. Москва, 22-июнь, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу. Москва, 22-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владмир Путин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толукталган Кылмыш-жаза кодекси жөнүндө мыйзамга кол койду.

Жазаны катаалдаткан жагдайлар жөнүндө беренеде "куралдуу кагылышуулардын же согуштук аракеттердин шарттарында" деген сөздөр "мобилизация мезгилинде же согуш абалында, согуш мезгилинде же куралдуу кагылышуулардын, согуштук аракеттердин шарттарында" деген сөздөргө алмаштырылды.

Мындан тышкары Кылмыш кодексине талап-тоноочулук жана өз ыктыяры менен багынып берүү беренелери кошулган. Эгерде мамлекеттик чыккынчылыктын белгилери жок болсо, багынып бергени үчүн үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мародерлук үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамга ылайык, мобилизация жана согуштук абал мезгилинде аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендиги үчүн да жаза катаалдады. Бир айдан ашык кызматка чыкпагандар беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Аскердик абал учурунда буйрукту аткарбоо, атап айтканда согуштук аракеттерге катышуудан баш тарткандарды эки жылдан үч жылга чейин камоо мөөнөтү кралган.

Запастагы орусиялыктар аскердик окууга чакырылган учурда келбей калган учурда же дезертирлик үчүн келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокерлердей эле кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындан тышкары, депутаттар мамлекеттик коргонуу шартын аткарбоо жана мамлекеттик келишимдин шарттарын бузуу боюнча бир нече жаңы беренелерди киргизди.

Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорун Мамдума Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялардын алдында, 20-сентябрда экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Ушул айда Украинанын Харьков облусундагы контрчабуулу орус армиясында аскерлердин жетишсиздигин көрсөттү.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Айрым талдоочулар Кремль максатына мобилизациясыз жете албасын айтышкан. Буга чейин орус бийлиги жалпы мобилизация болбой турганын билдирген.

Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык бар, алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңеште айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG