Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу


Достук айылындагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жай. 14-17-сентябрь, 2022-жыл. Баткен.
Достук айылындагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жай. 14-17-сентябрь, 2022-жыл. Баткен.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында 25-сентябрь, саат 09:20га карата кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок.

Чек ара аймактарын жарылбай калган ок-дары, жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу уланып жатат.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62ге жеткенин кабарлады. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын 23-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, аларды этият болууга чакырган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG