Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Орусияда аскерге милдеттүүлөргө өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы мүмкүн


Орусияда мобилизацияга каршы чыккан жаранды полиция кармап баратат.
Орусияда мобилизацияга каршы чыккан жаранды полиция кармап баратат.

Орусиянын бийлиги аскерге милдеттүү жарандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу "Медуза", "Сота", "Важные истории" басылмалары Кремлге жакын өз булактарына таянып жазышты.

Айрым маалыматтарга караганда, мындай чечим 26-28 сентябрь күндөрү кабыл алынышы ыктымал.

"Ходорковский LIVE" бул чечим аскерге милдеттүү аялдарга да тиешелүү болушу мүмкүн экенин жазды.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация тууралуу жарыялары менен орусиялыктар чет жактарга чыгып кете баштаган. Бул буйрукка каршы чыккандардын нааразылык акциялары жер-жерлерде уланууда. ОВД-Инфо тобунун маалыматына караганда, Москва жана башка шаарларда төрт күндүн ичинде 800дөй адам кармалды.

Путиндин буйругу орус армиясы Украинада чегинип жаткан маалга туш келди. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

Батыш эксперттери согуш башталгандан бери жети ай ичинде Орусия чоң жоготууга учураганын айтып келишет. Москва беш миңден ашуун аскеринен айрылганын жакында эле билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG