Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Президент Жапаров чек ара боюнча айтылган сындарга жооп берди


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Соцтармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды чечүү тууралуу эки тараптуу протокол жөнүндө жалган маалымат тараткандарды чек арага чогултуу тууралуу президент Садыр Жапаровдон коргоо министрине көрсөтмө берилгенин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Президент “Кыргызстан чек ара бекеттерин алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” чогултуп, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла” деп тапшырганын жазды Султанбаев.

"Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткөнчө чек ара посттору ачылбайт. Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет",- деген президент Жапаров.

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагаларынын жолугушуусунда тараптар төрттөн чек ара бекетин алып салууну макулдашканы белгилүү болгон.

Соцтармактарда протоколдун мазмунун сынга алгандар болууда. Алар "чек ара бекеттерин алуу менен Кыргызстан уттурду" деген сыяктуу нааразылыктарын жазып жатышат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кырк чактысы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG