Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы алына турган бекеттер боюнча түшүндүрмө берди


Баткендин Төрт-Көчө аймагы.
Баткендин Төрт-Көчө аймагы.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы айрым чек ара бекеттерин алуу боюнча эки тараптын макулдашуусу тууралуу түшүндүрмө таратты.

25-сентябрда "Кызыл-Бел-автожол" чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары жана бир катар тиешелүү мекеме жетекчилери, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өткөн.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К. Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту",-деп айтылат расмий маалыматта.

Протоколго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алып сала турган болду. Кыргызстан "Тамдык" бекетин алса, Тажикстан тараптан "Бедак" чек ара бекети, кыргыз тараптан "Булак-Башы" жана тажик тараптан "Кех" постторун, кыргыз тараптан "Катта-Туз" жана тажик тараптан "Каракчикум" посттору, Чайхана жерлигиндеги кыргыз тараптын "Ак-Сай" жана Кожалыдагы (Хожаи Аъло) тажик тараптын "Шаршара" бекетин алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн эч кандай түрүн койбоону макулдашкан.

УКМК кабарлагандай, кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.

Ал эми эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтерине "Тамдык" - "Бедак" бекеттери, "Булак-Башы" - "Кех" посттору турган жерлерде айдоо иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Ошондой эле тараптар жаңжал көп чыккан тилкелерге видеокөзөмөл камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашты.

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы жогоруда аталган бекеттер жайгашкан тилкелерде эл жашабайт деп белгилөөдө.

Чек ара кызматы маалымдагандай, протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан кошумча күчтөрдү чыгарып кетүү иши уланат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кырк чактысы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG