Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Чек ара: Гамбургдагы кыргыздар тынчтык жүрүшкө чыгышты


Гамбург, Германия.
Гамбург, Германия.

Германиянын Гамбург шаарында отуздай кыргызстандык 24-сентябрда Баткендеги каргашаны айыптап, тынчтыкка чакырган жүрүшкө чыгышты.

Алар колдоруна «Согушка жол жок!», «Баткен, биз сени менен!», "Кыргызстандан колуңду тарт!" деген сыяктуу жазуулары бар кагаздарды көтөрүп, чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү.

Ушундай эле акциялар Германиянын Берлин, Гамбург, Мүнхен, Штутгарт жана башка шаарларында, АКШ, Түштүк Корея, Италия жана башка мамлекеттерде дагы өттү.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан Кыргызстанды айыптап жатат.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз каранды эмес булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG