Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Дүйнөлүк банк суу каптоодон жапа чеккен Пакистанга 2 млрд. доллар бөлөт


Пакистанда суу каптоодон жабыркаган балдар.
Пакистанда суу каптоодон жабыркаган балдар.

Дүйнөлүк банк быйыл жаан-чачын менен суу ташкындан олуттуу жапа чеккен Пакистанга эки миллиард доллар бөлүүнү убада кылды. Нөшөрлөп төккөн жаандын айынан өлкөнүн көпчүлүк аймактарын суу каптап, 1600 кишинин өмүрү кыйылды. Исламабаддын суу тартылгандан кийин жабырлануучуларга жардам берүүгө чама-чаркы жетпей калды.

24-сентябрда Дүйнөлүк банктын Түштүк Азия боюнча вице-президенти Мартин Райзер Пакистанга барып келгенден кийин эл аралык каржылык уюм буга чейин шашылыш бөлгөн 850 миллион долларды дагы көбөйтөрүн айтты. Эки миллиард доллар мурда айтылган бул сумманы да камтыйт.

“Суу каптоодон адам өмүрү кыйылганына биздин кабыргабыз кайышып турат. Федералдык жана жергиликтүү бийлик менен иштешип, жабыр тарткандарга ыкчам жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, – деди Райзер Синд провинциясында жүргөндө.

Пакистандын түштүгүндөгү Синд жана Белужистан провинцияларында табигый кырсыктын айынан 33 миллион киши жабыркады. Жолдор жана башка инфраструктура талкаланып, айдалган талаарлар суу алдында калды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму калк ичинде жугуштуу илдеттер жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

23-сентябрда Синд провинциясы безгек, ич өткөк жана холеранын жайылышына каршы күрөшкө даргерлерди жиберүүнү борбордук бийликтен талап кылды. Провинциясынын жетекчилиги 600 киши ар кандай илдеттерден өлсө, 300 бейтап безгекке чалдыкканын билдирди. 25 миңдей балага тамак-аш жетпей оору-сыркоодон жабырап жатканы айтылды.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттерриш Пакистанга барганда өлкөнү кайра калыбына келтирүү үчүн 30 миллард доллар зарыл экени белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG