Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк тартыш болууда


Суу каптаган айылда балдары менен кетип бараткан киши. Пакистан. 30-август, 2022-жыл.
Суу каптаган айылда балдары менен кетип бараткан киши. Пакистан. 30-август, 2022-жыл.

Пакистандын өкмөтү июль айынан бери уланып жаткан селдин кесепетинен ар кандай оорулар жайылып, тамак-аш тартыш болуп жатканын билдирди.

Бийликтин маалыматы боюнча, өлкөнүн 25% суу алдында калды. 31-августка карата бир катар райондордо сел токтогону кабарланган. Табигый кырсыктан кеминде 1136 адам өлүп, он миллиондогон киши жараат алып, 1 миллион үй кыйрады.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) донор өлкөлөрдү Пакистанга тез арада жок эле дегенде 160 миллион доллар жардам көрсөтүүгө чакырды. Пакистандын 220 миллион калкынын 500 миңи үйүн таштап, коопсуз аймактардагы лагерлерге көчүүгө аргасыз болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Пакистандагы өкүлү элге медициналык жардам көрсөтүлүп, эпидемиологиялык абалды алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Уюм бирок 900гө жакын медициналык мекемеге зыян келтирилгендиктен, бейтаптарды тейлөө аксап, оорулардын жайылышы күчөй турганын эскерткен.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бул өлкөнүн тарыхындагы эң күчтүү сел болгонун айтты. Ал 31-августтагы билдирүүсүндө сел 700 миң бодо малды агызып, жайыттарды жууп кеткенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG