Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ташиев Эл баатыры наамынын берилиши күтүүсүз болгонун айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ага президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын баатыры" наамын ыйгарганы күтүүсүз болгонун билдирди. Ал бул тууралуу 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көптөгөн жылдар өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап берди", - деди Ташиев.

Садыр Жапаров шейшембиде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде атайын кызматтын башчысы бул жогорку наамды негизинен улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу алганын билдирген.

"Караниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Өлкө башына караан күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн "баатыр" сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Мен муну өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейинки "эл уулу" атанткан иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы көрүп жүрөт. Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту чыңдоо, чек араны бекемдөө, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындан сырткары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чейрек кылымдан бери бүтпөй келген зор иштерди бүтүрдү. Азырынча бул иштер сыр болуп турат, убагы келет, кийинчерээк ачыктайм",-деди Жапаров.

Садыр Жапаров сөзүндө кайсы жаңжал экенин тактаган жок. Бирок өткөн айдын башында Ташиевге тиешеси бар делген "Регион" телеканалы ага Июнь коогасы маалында жасаган иштерине байланыштуу Эл баатыры наамы берилиши керектиги жөнүндө атайын сюжет даярдаган.

2010-жылы Июнь калабасы учурунда Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн.

Ал Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган жана Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG