Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Жапаров Ташиевге Эл баатыры наамы берилген себебин түшүндүрдү


Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге "Кыргызстандын баатыры" наамы ыйгарылган себебин түшүндүрдү. Ал 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде атайын кызматтын башчысы бул жогорку наамды негизинен улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу алганын билдирди.

"Караниет чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Өлкө башына караан күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн "баатыр" сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Мен муну өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейинки "эл уулу" атанткан иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы көрүп жүрөт. Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту чыңдоо, чек араны бекемдөө, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындан сырткары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чейрек кылымдан бери бүтпөй келген зор иштерди бүтүрдү. Азырынча бул иштер сыр болуп турат, убагы келет, кийинчерек ачыктайм",-деди Жапаров.

Садыр Жапаров сөзүндө кайсы жаңжал экенин тактаган жок. Бирок өткөн айдын башында Ташиевге тиешеси бар делген "Регион" телеканалы ага Июнь коогасы маалында жасаган иштерине байланыштуу Эл баатыры наамы берилиши керектиги жөнүндө атайын сюжет даярдаган.

2010-жылы Июнь калабасы учурунда Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн.

Ал Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган жана Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG