Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

ЖК: Орусиядагы кыргыз мигранттарын каттоо маселеси сөз болду (видео)


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 1-сентябрдагы жыйынында депутат, "Ыйман-Нуру" фракциясынын лидери Орусияда кыргыз мигранттарынын каттоосуна байланыштуу маселе көтөрдү. Ал өкмөт башчыга кайрылып, маселени чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керектигин билдирди.

"Мигранттар 3-сентябрга чейин каттоону жаңылабаса ал жакта чоң проблемалар башталат экен. Мурда 5-7 миң рубль менен бир жылга каттоого турат эле. Азыр үч ай сайын каттоону жаңылоо керек экен. Ошондон улам чек арадан өтүп, кайра киребиз деп атып өткөндө 14 адамыбыз шейит кетип калды. Азыр эмгек келишим менен каттоого турат экен. Эмгек келишими, же каттоосу жоктор коомдук транспорт менен жүрө албай такси менен жүрүп кыйналып жатыптыр. Миңдеген мекендештерибиздин баары эмгек келишимин түзө албайт. Министрлер кабинетинин төрагасы, Тышкы иштер министрлигине тапшырма берсеңиз. Бизден эмне жардам болсо ошонун баарын кылалы. Керек болсо парламенттик дипломатиянын алкагында ушул маселени чечели",-деди Кадырбеков.


Ушул эле маселени "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев дагы көтөрдү.

Евразия экономикалык комиссиясы Орусияда миграциялык каттоосу бүткөн кыргызстандыктар 3-сентябрга чейин каттоосун кайра узартып же өлкөдөн чыгышы керектигин 23-августта эскерткен. Буга байланыштуу мигранттар паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн дүрбөлөң түшүүдө.

21-августта Орусиянын Ульяновск аймагында ошондой белгини койдуруу үчүн жолго чыккан 14 кыргызстандык каза болгон. Бул окуя кыргызстандык мигранттарга байланышкан оор көйгөйлөрдү козгоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG