Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Жогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйынында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазов сыртка сатылды делген 19 тонна алтынга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, толук маалымат берилиши керектигин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы алардын жообу даяр экенин айтты.

"Биз бир жылдык отчетубуз менен келебиз. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроолорго жооп алууга сиздерде далай мүмкүнчүлүк болот. Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө даярбыз. Маалымат агенттиктердин бири-бирибизди тукуруп, ошол алтындын тегерегинде чырылдашып калсын дегенине жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да. Бир милиграммына чейин эсепте",-деди Жапаров.

Президент Садыр Жапров 27-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде "Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын" билдирген. Анда Кумтөр баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн билдирди.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” буга чейин макала жарыялаган. Анда Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган 19 тонна алтынды сатканын айтып, муну нак доллар керек болгону менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG