Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Садыр Жапаров: ар бир баланын билим алышына шарт түзүү зарыл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Билим күнүнө карат куттуктоо жолдоду. Анда ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл экенин белгиледи.

"Билимдүү жаштар мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы. Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасоодо. Окутуунун ык-амалдарын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз. Өлкө жетекчилиги ар бир билим берүү мекемесинде окутуу иштерин жакшыртуу, өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү аракетинде",-деп айтылат куттуктоодо.

Быйылкы окуу жылынан тартып мектептердин баарында апта башталганда жана аяктаганда милдеттүү түрдө гимн ырдалат.

Кыргызстанда ушул тушта 2300дөн ашык мектеп бар жана окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго чамалайт. Өлкөдө мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG