Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Акыйкатчы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстандын Эгемендик күнү менен куттуктоосунда сөз эркиндигине байланыштуу соңку жагдайга токтолду. Анда журналисттердин, жарандык активисттердин жана блогерлердин кармалышына, кылмыш иштеринин козголушуна тынчсыздануу билдирди.

“Биздин эл демократия принциптерин карманат, сөз, ой эркиндиги кыргыздын канында бар. Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы орунда. Бул туура баамдоо. Дүйнөгө биз күчтүү жарандык коому бар, кыйынчылык убакта бириге калган артыкчылыгыбыз менен таанылган элбиз. Ошентсе да акыркы күндөрү маалымат каражаттарын көзөмөлдөө, сөз эркиндигин чектөөгө болгон далалаттар тынчсыздандырат”,- деп айтылат акыйткатчынын билдирүүсүндө.

Атыр Абдрахматова анда учурда камакта отурган, күч органдарына сурак берген, кылмыш иштери тергелип-иликтенип жаткан бир катар медиа өкүлдөрүн, жарандык активсттердин атын атаган.

Бул окуяларга байланыштуу жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин камтамачылык билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG