Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Көк бөрү: президенттин кубогун “Алай” командасы утту


"Алай" (Ош) жана Ак-Шумкар (Чүй) көк бөрү командаларынын беттеши. Эмгекчил айылы, Нарын облусу. 31-август, 2022-ж.
"Алай" (Ош) жана Ак-Шумкар (Чүй) көк бөрү командаларынын беттеши. Эмгекчил айылы, Нарын облусу. 31-август, 2022-ж.

Эгемендик күнүнө арналган көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун Ош облусунун “Алай” командасы алды.

Нарын облусунун Эмгекчил айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Биринчи лиганын финалында “Алай” оюнчулары Чүй облусунун “Ак-Шумкар” командасын 4:3 эсебинде утуп алды.

Биринчи лигада оюндар 25-агустта башталып, ага 19 команда катышып, алты тайпага бөлүнүп ойношту.
Президенттин кубогу үчүн быйылкы мелдеште Жогорку лигада оюндар болгон жок. Аталган лигадагы төрт команданын: “Сары-Өзөн”, “Ынтымак”, “Достук” жана “Ала-Тоонун” оюнчулары улуттук курама командага мүчө болуп, күзүндө Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында даярданууда.
Ал эми Жогорку лигадагы “Бакубат-Талас” менен “Алай” командалары Биринчи лигада ойноого макулдук беришкен. Ош облусунун “Алай” командасы быйылкы Жеңиш майрамына арналган республикалык мелдеште Биринчи лигада жеңүүчү болуп, Жогорку лигага чыккан эле.

Бүгүн, 31-августта көк бөрү боюнча Биринчи лигадагы финалдык оюндардан сырткары 40 жана 45 жаштан жогорку ардагерлер арасында жыйынтыктоочу оюндар болду. 40 жаштан жогоркулар арасында Таластын командасы Чүй оюнчуларын 5:3 эсебинде утту. 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын ардагер улакчылары беттешип, 2:1 эсебинде кыргызстандыктар жеңишке жетти. (ECh)

XS
SM
MD
LG