Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Көк бөрү: Жогорку лигада "Сары Өзөн" жеңүүчү болду (видео)


Архив сүрөт. "Сары-Өзөн" жана "Ынтымак" командаларынын беттеши. 31-август, 2021-ж. Чолпон-Ата шаары.
Архив сүрөт. "Сары-Өзөн" жана "Ынтымак" командаларынын беттеши. 31-август, 2021-ж. Чолпон-Ата шаары.

9-май Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы жеңүүчү болду.

Баткен облусунун Халмион айылында өткөн финалдык беттеште чүйлүктөр Таластын “Ынтымак” командасы менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 10 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай, буллитте Чүйдүн оюнчулары алдыга чыгып, жеңишке жетишти (2:1).

Ушуну менен 3-жолу катары менен көк бөрү боюнча республикалык турнирлерде аталган командалар финалда беттешти.

Буга чейин эки жолу “Ынтымак” командасы Сары-Өзөндү финалда утуп келген. Былтыр 31-августта эгемендикке арналган мелдеште "Ынтымак" "Сары-Өзөндү"7:0, "Нооруз-2022" турниринде 4:1 эсебинде жеңип алган.

Баткен облусунун Халмион айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 1-майда башталган. Оюндар үч лигада болду.

9-майда Биринчи лигада финалда “Алай” жана “Көк бөрү мектеби” ойноп, 5:1 эсебинде “Алай” оюнчулары жеңишке жетти. 40 жаштагы ардагер көк бөрүчүлөр арасында Талас командасы баш байге алды. Алар финалда чүйлүк атаандаштарын 4:1 эсебинде утуп алышты. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG