Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Варшавада нааразылык иретинде орус элчисине кызыл боёк чачышты


Орусиянын Польшадагы элчиси. 9-май 2022-жыл
Орусиянын Польшадагы элчиси. 9-май 2022-жыл

Варшавада 9-майда Орусиянын элчисине кол салуу болду. Сергей Андреев Кызыл армиянын жоокерлерине арналган эстеликке гүл коюп жаткан маалда украин желегин көтөргөн бир нече киши “фашисттер” деп кыйкырып, ага жана жанындагыларга кызыл боек чачышты. Ошол учур тартылган видеону бир нече булак таратты.

Андреев ал окуядан кийин олуттуу жабыркабаганын, элчилик нааразылыгын билдирерин айтты. Орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова “неонацизимдин күйөрмандары дагы бир жолу анык жүзүн көргөзүштү”, “Батыш фашизмди тирилтүү багытын алды” деп комментарийледи.

Польша Орусиянын Украинага кол салуусуна катаң позицияны ээлеп келатат. Согуш башталгандан бери ал өлкөгө 3 миллиондон көп украин качкын башпааналап келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG