Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Туринде Eurovision ыр жарышы башталды


“Калуш Оркестра". Иерусалим, 5-апрель 2022-жыл
“Калуш Оркестра". Иерусалим, 5-апрель 2022-жыл

Италиянын Турин шаарында 8-майда Eurovision ыр жарышы башталды. 66-фестивалды өткөрүү укугуна былтыркы жеңүүчү катары Италия ээ болгон.

Быйылкы фавориттер арасында букмекерлер украиналык “Калуш Оркестранын” “Стефания” деген ырын аташууда.

Украина буга чейин фестивалды эки ирет жеңген.

Орусия быйыл кошуна өлкөгө басып киргендиги үчүн музыкалык мелдештен четтетилди. Ал өлкө 1994-жылдан бери конкурска 23 жолу катышып, 2008-жылы уткан.

Жарыштын финалы 14-майда өтмөкчү. Ага чейин 10 жана 12-май күндөрү жарым финалдар болот. Ал эми Италия, Франция, Германия, Испания жана Британия конкурстун негиздөөчүлөрү катары иргеп алуу басыкычына катышпай, дароо финалга чыгат.

Жеңүүчүнү телекөрүүчүлөр менен калыстар тобу аныктайт.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG