Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Миллиардер Усманов Еврошаркеттин санкцияларына каршы сотко кайрылды


Алишер Усманов. Архивдик сүрөт.
Алишер Усманов. Архивдик сүрөт.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Еврошаркеттин санкциялар тизмесине киргени үчүн Европа сотуна кайрылганы белгилүү болду. ТАСС агенттиги ал арызын 29-апрелде тапшырганын маалымдады.

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, “Металлоинвест” компаниясынын негиздөөчүсү ага каршы кабыл алынган чектөөлөрдү жокко чыгарууну жана соттун чечими чыккыча аларды аткарбай турууну талап кылды.

Усманов санкцияларга Орусия Украинага басып киргенден 4 күн өткөндө, 28-февралда кабылган. Андан тышкары “кара тизмеге” бир нече башка орусиялык бизнесмен илинген.

Америкалык бийлик ишкерди санкциялар тизмесине камтыганы менен, 4-мартта АКШнын Финансы министрлиги миллиардердин компанияларын санкциялардан бошоткон чечим кабыл алган.

Апрелде Кипр Усмановдун бир тууганы Гүлбахор Исмаилованы ал өлкөнүн паспортунан ажыратары белгилүү болгон. Мындан тышкары Британия 13-апрелде санкциялар тизмесин кеңейтип, миллиардердин эки карындашын да ага киргизген.

“Азаттыктын” өзбек кызматы жазгандай, президент Шавкат Мирзиёевдин кудасы Усманов акыркы маалда Ташкент жана Москва ортосундагы саясий, экономикалык кызматташтыкта маанилүү роль ойноп келген.

XS
SM
MD
LG