Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:23

Кыргызстандын жетекчилиги быйыл "Жеңиш тасма" тагынган жок


Жеңиш аянты. 2022-жылдын 9-майы.
Жеңиш аянты. 2022-жылдын 9-майы.

Бүгүн 9-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын жетекчилиги соңку жылдардан бери алгачкы жолу Жеңиш тасмасын тагынбай катышты.

Жеңиш тасмасы катары тагынып жүрүшкөн Георгий тасмасынын тегерегинде талкуу Кыргызстанда 2014-жылы башталган. Жарандык активисттер Георгий тасмасы орус империясындагы колониализмдин жана үстөмдүк кылуунун символу экенин эскертип, анын ордуна мамлекеттик туунун түсүндөгү кызыл тасма тагынууну сунуш кылышкан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2012-2017-жылдары Жеңиш аянтындагы иш-чараларга төшүнө кызыл тасма, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2020-жылдары мамлекеттик туудагы кызыл жана сары түстөгү сызыктар түшүрүлгөн тасма тагынып катышып келишкен. Азыркы президент Садыр Жапаров да былтыр ошондой тасма менен чыккан.

Жеңиш тасмасы боюнча маселе быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери кайрадан негизги темага айланууда. Себеби Украинада согушуп жаткан орус аскерлери жана аларды колдогондор күрөң-сары сызыктар түшүрүлгөн Георгий тасмасын кеңири колдонуп жатышат.

Белгилүү тарыхчы Асыкбек Оморовдун айтымында, 1916-жылы кыргыздарда болгон Үркүн учурунда орус императору "Кимде ким жүз кыргызды атып өлтүрсө, ошол аскер Георгий ордени менен сыйланат" деген жарлык чыгарган.

Ал эми коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Георгий тасмасы "илгерки орус падышачылыгынын символу, алар кыргыздарды басып алып, мыкаачылык менен кырган, кээ бир айылдардын күлүн көккө сапырып жиберген" деп айтып келет.​

Беларус, Украина, Молдова, Грузия жана Казакстан Георгий тасмасын жайылтуудан баш тарткан.

Кыргызстанда Георгий тасмасына расмий тыюу жок, бирок Ички иштер министрлиги быйыл 9-май Жеңиш күнүн майрамдоо алдында милиция "Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик жаңжалга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символдорду колдонууга жана тагынууга жол бербөө үчүн" профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатканын жарыялаган.

Орусия Украинага кол салуусун "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Бир катар активисттер быйыл 9-майды "Эскерүү жана терең кайгыруу күнү" деп жарыялап, бул датанын символу катары көк жоолук колдонууну сунуш кылышкан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG