Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Жеңиш аянтында митинг-реквием болду


Жеңиш аянты. 2022-жылдын 9-майы.
Жеңиш аянты. 2022-жылдын 9-майы.

Бишкектин Жеңиш аянтында бүгүн,9-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө президент Жапаров “Ата-бабаларыбыздын бүткүл адамзатты фашизмдин туткунунан куткарып, өз өлкөсүнүн жана жер шарынын бактысы үчүн курман болгондугун эч ким, эч качан унутпайт. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын кан күйгөн согушта ар бир демин Ата Мекенге арнап, бизге чыныгы Жеңишти тартуулаган ардагерлерибиздин катары суюлууда. Аларга майрам күнү гана көңүл бурбастан, дайыма кам көрүү – биздин милдетибиз!” деп айтты.

Митинг-реквиемге өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү, ардагерлер катышты.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 кыргызстандык “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77 мекендешибиз Советтер Союзунун Баатыры атагын күтүп, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга арзыган.

Согушка катышкан ардагерлердин саны бүгүнкү күндө 60тын тегерегинде экенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG