Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Көкбөрү: "Нооруз" турнирин Жогорку лигада "Ынтымак" жеңди (видео)


Көкбөрү боюнча Жогорку лигадагы "Ынтымак" (көк кийимчен) жана "Сары-Өзөн" (сары кийимчен) командаларынын беттеши. 21-март, 2022-ж. Чолпон-Ата шаары.
Көкбөрү боюнча Жогорку лигадагы "Ынтымак" (көк кийимчен) жана "Сары-Өзөн" (сары кийимчен) командаларынын беттеши. 21-март, 2022-ж. Чолпон-Ата шаары.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Финалдык оюнда таластыктар Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын 4:1 эсебинде жеңди. Оюн бүгүн, 21-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

КӨК БӨРҮ | Ынтымак - Сары-Өзөн | Жогорку лига. ФИНАЛ

Бул лигада алты команда ат салышты. 3-орунду "Достук", 4-орунду "Ала-Тоо", 5-орунду "Мурас", 6-орунду "Көк-Жал" командасы алды.

Биринчи лигада 1-орунга 200 миң сом, 2-орунга 100 миң сом, 3-орунга 50 миң сом, 4-орунга 30 миң сом берилди.

Жогорку лигада 1-орунга 1 млн. сом, 2-орунга 500 миң сом, 3-орунга 250 миң сом тапшырылды. Ошондой эле ар бир лигада “Мыкты көкбөрүчү” жана “Мыкты аргымак” аныкталып, акчалай сыйлык алышты.

"Нооруз" турниринде Жогорку лиганын оюндарынан сырткары 40 жаштагылар арасында, Биринчи лигада жана АКШдан келген ковбойлор менен Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн оюндары болду.

Биринчи лиганын финалын “Бакубат-Талас” командасы утту. Финалда ал “Ийгилик” командасы менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алды. Бул лигада быйыл жалпысынан 21 команда ойноду.

АКШдан келген ковбойлор менен Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн көрсөтмө оюндарында биринчи беттеште 6:5 эсебинде жергиликтүү көкбөрүчүлөр утса, экинчи оюнда 8:6 эсебинде ковбойлор жеңишке жетти.

Бул оюндар “Көчмөн менен ковбой бирге жарышта” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналып уюштурулду.

Нооруз майрамына арналган республикалык ат оюндарынын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарынан сырткары Баткен шаарында да өттү. Баткендеги көкбөрү турниринде 12 команда ат салышты. (ECh)

XS
SM
MD
LG