Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Кытайда 133 жүргүнчү бараткан учак кулады


Кырсыкка кабылган Boeing-737 учагы Бангкок аэропортунда. Архивдик сүрөт.
Кырсыкка кабылган Boeing-737 учагы Бангкок аэропортунда. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлады.

Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалды. Баштапкы кабарларга ылайык, ал Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан, ал жакка куткаруучулар чыгып кетти.

Борт Куньмин шаарынан Гуанчжоу шаарына бараткан. Flightradar24 порталындагы онлайн маалыматтарда көрүнүп тургандай, учак радардан жоголуп кеткен.

Кырсыкка кабылган лайнерге 7 жыл болгон, China Eastern Airlines анын биринчи кожоюну болуп саналат. Буга чейин эч кандай олуттуу кырсыктарга кабылган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG