Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:12

Франция Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. евросун камакка алды


Орусиянын Борбордук банкынын имараты.
Орусиянын Борбордук банкынын имараты.

Франциянын бийлиги Москвага каршы салынган санкциялардын алкагында Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. долларлык активин жана орусиялык бизнесмендердин 850 млн. евролук мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр жергиликтүү медиаларга берген интервьюсунда билдирди.

Орус олигархтарынын мүлкүн аныктоо иштерин аталган министрликтин алдындагы атайын түзүлгөн топ алып барууда. Алар ишин мындан ары дагы улантары айтылды.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын Борбордук банкына санкция салган. Натыйжада ал мекеме эл аралык резервиндеги 640 млрд. доллардай акчасынын көпчүлүк бөлүгүн иштете албай калды.

Мындан сырткары Орусияга АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун сатууга тыюу салды. Бул жана башка чаралар орус рублинин кунун кескин жоготту.

Февралдан бери 1 доллар 75-80 рублдик курстан, 100-120 рублга чейин көтөрүлүп кетти. Орусиянын айрым банктарында жана акча алмаштыруучу жайларында доллар 150-160 рублга чейин сатылууда. Орус бийлиги муну көзөмөлдөө үчүн Москва банктар аралык валюталык биржасындагы сооданы улам-улам жаап салып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG