Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Өзгөндө көмүр шахтасында кытайлык үч жумушчу каза болду


Кыргызстан. Архивдик сүрөт.
Кыргызстан. Архивдик сүрөт.

Өзгөндө көмүр шахтасында үч кытай жараны каза болгонун бүгүн 21-мартта “Азаттык” радиосуна Ош облустук милициясынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 20-мартка караган түнү Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон.

"АБКЕ" деп аталган ишкананын шахтасында оор салмактагы көмүр аралаш таш кулап, көмүр казып жаткан 49 жана 51 жаштагы кытайлык үч жумушчуну басып калган.

Каза болгондордун сөөгүн чогуу иштеген жумушчулар өз алдынча алып чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Баштапкы маалыматка караганда, кырсыкка шахтанын ичине, болжол менен 50 метр бийиктиктен таш кулаганы себеп болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG