Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Көкбөрү: Чолпон-Атада финалдык оюндар өтүүдө (видео)


Көкбөрү боюнча “Бакубат-Талас” менен “Ийгилик” командаларынын беттеши. Бирини лига, финал. 21-март, 2022-ж. Чолпон-Ата шаары.
Көкбөрү боюнча “Бакубат-Талас” менен “Ийгилик” командаларынын беттеши. Бирини лига, финал. 21-март, 2022-ж. Чолпон-Ата шаары.

Бүгүн, 21-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына арналган республикалык мелдештин финалдык оюндары өтүүдө.

Биринчи лиганын финалын “Бакубат-Талас” командасы утту. Финалда “Ийгилик” командасы менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алды. Нооруз турниринде Биринчи лигада быйыл жалпысынан 21 команда ойноду.

КӨКБӨРҮ | Бакубат - Ийгилик | 1-лига. ФИНАЛ

Ал эми Жогорку лиганын финалында “Ынтымак” жана “Сары-Өзөн” командалары беттешет. Оюн саат 15:30да башталат. Оюнду түз эфирде "Азаттыктын" социалдык тармактардагы барачаларынан көрө аласыздар.

Жогорку лигада биринчилик үчүн 6 команда ат салышты. 3-орунду "Достук", 4-орунду "Ала-Тоо", 5-орунду "Мурас", 6-орунду "Көк-Жал" командасы алды.

Нооруз майрамына арналган республикалык турнирде АКШдан келген ковбойлор менен Кыргызстандын көкбөрү федерацияларынын өкүлдөрүнүн көрсөтмө оюндары болуп, биринчи оюнда 6:5 эсебинде жергиликтүү көкбөрүчүлөр утса, экинчи оюнда 8:6 эсебинде ковбойлор жеңишке жетти.

Бул беттештер “Көчмөн менен ковбой бирге жарышта” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган.

Нооруз майрамына арналган республикалык ат оюндарынын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарынан сырткары Баткен шаарында да өттү. Баткендеги көкбөрү турниринде 12 команда ат салышты. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG