Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Баткен: Жапаров чек ара көйгөйүн кийинки муундарга калтырбоону убада кылды


Нооруз-2022: Президент Садыр Жапаров Баткенде.
Нооруз-2022: Президент Садыр Жапаров Баткенде.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-мартта Баткенде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылды. Өз сөзүнө мамлекет башчысы бул маселе кийинки муундарга калбай турганын айтты:

“Жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң потенциалга ээ. Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан, зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени, албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп кала берген чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз”.

Баткен облусу Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Тажикстан менен чек аранын 40%, Өзбекстан менен 15% тактала элек. Жер жана суу талашка байланыштуу Баткендин чектеш тилкелеринде чыр-чатак көп катталат. 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта ондогон адамдын өмүрү кыйылган, социалдык инфраструктура талкаланган.

Нооруз майрамын өлкө жетекчилигинин катышуусунда майрамдоо иш-чарасы Баткенде биринчи жолу өтүп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG