Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

COVID-19: Бир күндө 11 бейтап катталды, бир адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 13-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2973 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 11 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (6 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 731 адам болду.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туш келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG