Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Бишкекке алгачкы расмий сапар менен келди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Бишкекке эки күндүк расмий сапар менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Ал Сауд келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 21-мартта билдиргендей, бул өлкөнүн башкы дипломаты кыргыз жергесине алгачкы жолу келип олтурат.

Кызматташтыктын 30 жылдыгына карата уюштурулган расмий сапар алкагында министр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактардагы мамилелерди талкуулайт. Эл аралык жана аймактык бирикмелер алкагындагы кызматташтык тууралуу да сөз болот.

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы дипломатиялык кызматташтык 1992-жылдын 19-октябрында башталган. Бул өлкөгө элчи болуп быйыл январда мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG