Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

“Талибан” эки миңдей сотту кызматтан алды


“Талибан” кыймылы жумуштан бошоткон ооган сотторунун митинги.
“Талибан” кыймылы жумуштан бошоткон ооган сотторунун митинги.

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы бийликти колуна алгандан бери өлкөдөгү 34 провинциянын бардыгында дээрлик 2 миңдей сотту кызматтан бошотуп, ордуна башка кызматкерлери алды. Бул тууралуу мурдагы соттордон түзүлгөн топ жекшембиде атайын басма сөз жыйынында кабарлады.

Иштен алынган сот кызматкерлери аларды кызмат ордуна кайтаруу жана алты айлык маянасын төлөп берүү талабы менен соттук мекемелерге доо-арыз жазды.

“Азаттыктын” ооган кызматына берген комментарийинде экс-судьялардын бири Арафат Гавам эгер бир ай ичинде ишке койбосо, алар өлкөдөн чыгып кетишерин маалымдады. Ал мунун себебин өмүр боюу сот тармагында иштегендиктен башка тармакка адистешүү кыйын болуп жатканын, үй-бүлөсүн багуу оор болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Соттордун нааразылык акцияларын комментарийлеген талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид айрым соттор коррупцияга аралашканы жана калыс чечимдерди чыгарбаганы үчүн жумуштан кетирилгенин маалымдады.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болуп жатканын кабарлоодо. Тамак-аш жетишсиздигинен улам жарандар каза болуп, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG