Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Көкбөрү: жогорку лигада "Ынтымак" жеңүүчү болду (видео)


"Ынтымак" менен "Сары-Өзөн" командалары.
"Ынтымак" менен "Сары-Өзөн" командалары.

Талас облусунун "Ынтымак" командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада жеңүүчү болду.

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасын 7:0 эсебинде жеңип алды.

Президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл үч лигада: биринчи лигада, жогорку лигада жана эл аралык лигада өттү.

Биринчи лигада 17 команда, эл аралык жана жогорку лигада алтыдан команда ат салышты. Эл аралык лигада Өзбекстандын командасынан сырткары Орусиядан "Воронеж-Чолпонбай" жана Москва шаарынын, Кыргызстандын биринчи лигасында ойногон "Жети-Өгүз", "Бакубат-Талас", "Сокулук" командалары катышты.

Бүгүн биринчи лиганын финалдык беттешинде Бишкектин “Көк-Жал” командасы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Эл аралык лигада Өзбекстандын курама командасын "Жети-Өгүз" командасы 3:1 эсеби менен утту.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG