Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Көкбөрү: Биринчи лигада “Көк-Жал” жеңүүчү болду (видео)


Көк-Бөрү оюну
Көк-Бөрү оюну

Бишкек шаарынын “Көк-Жал” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште биринчи лигада жеңүүчү болду.

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште бишкектиктер Ысык-Көлдүн “Мурас” командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Кечээ бул лигада 3-орунду “Соң-Көл командасы алган. Алар коло байге үчүн беттеште “Ат-Башы” командасын 1:0 эсебинде жеңген.

Ушул тапта эл аралык лиганын финалында Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” командасы алтын байге үчүн беттешүүдө.

Андан соң саат 15:30да жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы баш байге үчүн беттешет. Бул лигада 3-орунду кечээ Ош шаарынын “Ала-Тоо” командасы алган. Коло байге үчүн беттеште “Ала-Тоо” оюнчулары Ош облусунун "Достук" командасы менен ойноп, 4:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчаларынан түз чагылдырылат. Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган.

Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты.

XS
SM
MD
LG