Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт


Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.

"2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат", - деп билдирди президент.

Ошондой эле, ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болору айтылды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек. Укук коргоочулар өлкөдө майыптарга жетиштүү кам көрүлбөгөнүн айтып жүрүшөт. (МТа)

XS
SM
MD
LG